AVN

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнин тарых кафедрасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери менен кызматташуусу уланууда

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнин тарых кафедрасынын  Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери менен кызматташуусу уланууда
 Sep 28, 2023  310

2023-жылдын 17-сентябрь күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинде жайгашкан тарых кафедрасынын тарыхый-этнографиялык музейине Улуттук илимдер академиясынын тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкерлери белгилүү  илимий кызматкерлери археологдор  Эмил Султанов жана Жумабаев Аскат иш сапары менен  музейдеги баардык жыйналган экспонаттарга жана археологиялык табылгаларга датировкалоо иштери жүргүзүлдү  (алардын кайсы маданиятка жана кайсы кылымдарга таандык экенин). Алар музей кызматкери Тайчиков Канатбек  менен бирдикте музейдин жайгащыщы, түзүлүшү жөнүндө жакындан таанышышып, өздөрүнүн  бир катар  баалуу ойлору менен бөлүшүп, сунуштарын айтышты. Илимий кызматкерлер тарабынан бир канча маанилүү консультациялар берилип, түштүктө бир катар археологиялык казуу иштерин жүргүзүү боюнча проект жазуу сунушун беришти. Азыркы мезгилде Жалал-Абад аймагында байыркы жана орто кылымдарга  таандык болгон  шаар урандылары, мүрзөлөр жөнүндө маалыматтар бар экендигин тастыкташып маалыматтарды далилдөө үчүн, музей кызматкери Тайчиков Канатбек менен бирдикте  Улуттук илимдер академиясынын тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкердери  Эмил Султанов жана Жумабаев Аскат агайлар менен Ноокен районунда жургузулгон 1 күндүк археологиялык чалгындоо иштерине  катышып баалуу маалыматтар менен жеринен таанышып келишти. Археолог Эмил Султанов жана Жумабаев Аскат археологиялык чалгындоо учурунда  Ноокен районуна караштуу  Апыртан айылындагы Кушан дооруна таандык эски шаар калдыгы менен таанышышып  болжолдуу датировкасы б.з.ч  II - б.з. IV к. таандык экендигин айтышты. Бул кызматташууга чейин  2022-жылы май айында  Тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын профессору, академик Асанканов Абылабек агай тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын жамаатынын катышуусунда, тарых профилинин ошондой эле филология, педагагогика факультеттеринин студенттерине конок лекция окуп,  ЖАМУнун музейине 2000 ден ашуун эч жерде жарыяланбаган Кыргыз-Алтай элдеринин маданиятына таандык болгон акыркы үлгүдөгү сүрөттөрдү белекке берип, ЖАМУ менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу Б.Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМга кол коюлган. Келечекте тарых профилиндеги студенттер жана тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы улуттук илимдер академиясынын илмий кызматкерлери менен бир топ алгылыктуу иштерди алып барышат деген ойдобуз

  • Б.Осмонов атындагы ЖАМУнин тарых кафедрасынын  Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери менен кызматташуусу уланууда