AVN







КТ-1-20 ТАЙПАСЫН КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА ЖИБЕРҮҮДӨГҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

КТ-1-20 ТАЙПАСЫН КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА ЖИБЕРҮҮДӨГҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Sep 27, 2023  207

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасында окуу жылынын алгачкы конференциясы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин бакалавр багыты боюнча окуп жатышкан Кт-1-20 тайпасын 18-сентябрдан 2-декабрга чейин кесиптик-профилдик практикага жиберүү конференциясы Кудайкулова Г.О. тарабынан уюштурулуп, (17.09.2023) өткөрүлдү. 

Конференцияга кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышышты.  Студенттерге жыйындын жүрүшүндө практиканын жобосу, жол картасы, бөлүнгөн мекемелерде  кандай иш алып баруусу, жумасына канча  саат окуучуларга сабак өтүүсү жөнүндө кеңири түшүндүрүлдү. Ошону менен бирге студент-практиканттар сабакты бүгүнкү күндүн талабына ылайык окутуунун жаңы ыкмаларын пайдаланып, техникалык каражаттарды туура колдонуу менен ачык, тарбиялык сааттарды өтүүсү жөнүндө да кеңири айтылып өтүлдү. Мындан сырткары окуучу менен мугалимдин байланышы, мамилеси тууралуу да сөз болуп, бир топ сурооолор жаралып, кызуу талкуу жүрүп, жыйын аягында баары өз суроолоруна жооп алышып, конференцияны ийгиликтүү аякташты.