AVN







МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ

МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ
 Sep 27, 2023  240

Б.Осмонов атындагы Жала-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинде билим алып жаткан үч миңден ашуун чет өлкөлүк студенттерди Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө келишимге кол коюлду.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кенешбек Усенов ММК Фондунун Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын директору Акмат Самарбеков менен келишимге кол коюшту. Б.Осмонов (ЖАМУ) аталган окуу жайда окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полисине ээ болот.

Келишим ЖАМУда окуган бардык чет өлкөлүк студенттерди ММК Полистери менен камтууга мүмкүндүк берет, ал камсыздандырылган студенттерге Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жеңилдетилген медициналык кызмат көрсөтүүлөргө кепилдик берет, ошондой эле Кыргызстандын жарандары Жалал-Абад шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына кайрылганда.

ММК Полиси медициналык мекемелерге кайрылган ар бир чет өлкөлүк студентке адистердин кароосунан, консультациясынан жана дарылануусунан акысыз өтүүгө, анын ичинде ийне саюу процедураларынан (дары-дармектерди жана шприцтерди көрсөтпөстөн), базалык жана кошумча анализ жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.