AVN







НУСКАЛУУ КАРЫЯ БОЛБОЙ, ЫЙМАНДУУ ЖАШ БОЛБОЙТ

НУСКАЛУУ КАРЫЯ БОЛБОЙ, ЫЙМАНДУУ ЖАШ БОЛБОЙТ
 Sep 27, 2023  494

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун  экономика-юридикалык колледжинде Жалал-Абад мэриясынын 2023-жылдын 18-сентябрында чыккан №358-б “Улгайган  адамдардын Эл аралык күнүн белгилөө жөнүндөгү” буйругун ишке ашыруу максатында “Нускалуу карыя болбой, ыймандуу жаш болбойт” деген темада  социалдык иш адистигинин окутуучусу Анарбай кызы Айтбү тарбынан 2023-жылдын 23-сентябрында   тегерек стол өткөрүлдү. 

Иш-чарага социалдык иш адистигинин студенттери, колледждин окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айнагуль Ташматова, ПЦК башчылары Майрамкан Асанова, Наргиза Сатымкулова жана башка окутуучулар катышып теманын алкагында талкуулар болду.  

Анда  колледждин улуу окутуучусу Майрам Сулайманова студенттерге улууларды урматтоо керек экендиги жөнүнө өзүнүн  акыл-насааттарын  айтып, мындай карыларды сыйлоого багытталган иш-чаралар көп болушсун сунуштады. Тегерек столдун жыйынтыгында студенттер келечекте өздөрү да үлгүлүү инсан болуп  калыптанышарын билдиришти.

  • НУСКАЛУУ КАРЫЯ БОЛБОЙ, ЫЙМАНДУУ ЖАШ БОЛБОЙТ
  • НУСКАЛУУ КАРЫЯ БОЛБОЙ, ЫЙМАНДУУ ЖАШ БОЛБОЙТ
  • НУСКАЛУУ КАРЫЯ БОЛБОЙ, ЫЙМАНДУУ ЖАШ БОЛБОЙТ
  • НУСКАЛУУ КАРЫЯ БОЛБОЙ, ЫЙМАНДУУ ЖАШ БОЛБОЙТ