КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМИНЕ ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕР
Sep 26, 2023 512
Филология факультетинин окутуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор Ибраим Абдувалиев «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” наамы менен сыйланды.
Көп жылдык үзүрлүү эмгеги, илимге кошкон салымы бааланып, мамлекет тарабынан сыйлык ыйгарылды. Сыйлык сиздики, сыймык биздики. Окуу жайыбыздын түптөлүшүнө жана анын өнүгүшүнө салым кошуп келесиз. Сиз тарбиялаган жаштар дүйнө жүзүндө ошондой эле мамлекеттин ар тарабында эмгектенип, айрымдары илим изилдөө иштерин ийгиликтүү аткарып, илимдин кандидаты, доктору болушкан. Сиздей эмгекчил, адамкерчиликтүү, акылкөй инсан менен замандаш жана кесиптеш болгонубузга сыймыктанабыз. Мындан аркы иштеринизге да ийгилик, ден соолук каалайбыз – дешет эмгек жамаат.