AVN

Мамлекеттик тил күнү менен “Кыргыз жери” сыяктуу элдик гимнге айланган ырдын автору Т.Байзаковдун 100 жылдык мааракеси бир күндө белгиленди

Мамлекеттик тил күнү менен “Кыргыз жери” сыяктуу элдик гимнге айланган ырдын автору Т.Байзаковдун 100 жылдык мааракеси бир күндө белгиленди
 Sep 25, 2023  277

2023-жылы 23-сентябрда Барпы атындагы Жалал-Абад областтык драма театрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө жана көрүнүктүү акын Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдык юбилейине карата “Мамлекеттик тил – улут уңгусу аталыштагы республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияны  ЖАМУнун ректору Усенов К.Ж. тех.и.д., профессор кеңири куттуктоо сөзү менен ачып берди.

Сыргабаев Абсаттар Токтогулович - КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ормоков Эрнис Абдижалилович - Жалал-Абад шаарынын мэри, Сыдыкназаров Баратбек Жалалбекович - Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысы, аким, Сейитбеков Нурлан -  Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы,       Калыбеков Нурлан – Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Закирова Тазагүл - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери,   Раев Султан Акимович - КРнын эл жазуучусу, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери “Түрксой” эл аралык уюмунун катчысы (Видео куттуктоо), Моноев Асанбай Моноевич  Т.Байзаковдун      бир тууган инисинин уулу коноктордун куттуктоолору менен биринчи бөлүк аяктады.

Андан кийин экинчи бөлүктө пленардык баяндамаларда Акматалиев Абдылдажан Амантурович - Академик, филология илимдеринин доктору, профессор “Т.Байзаковдун “Перизат” чыгармасы-акындын чыгармачылыгынын туу чокусу”, Кайыпов Сулайман Турдуевичтарых илимдеринин доктору, профессор, “Т.Байзаковдун адабий ишмердүүлүгү”, Абдувалиев Ибраим - филология илимдеринин доктору, профессор Жалал-Абад мамлекеттик университети “Т.Байзаков кыргыз жерин ырдаган акын”, Эшиев Асылбек Мирзатиллаевич – филология илимдеринин доктору, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору “Түмөнбай Байзаков – кыргыздын мекенчил чыгаан акыны”, деген темаларда баяндама жасашты. Иш-чара Кыргыз эл акыны Козукеев Рахматулланын – Мамлекеттик тил менен Т.Байзаков жөнүндө төгүүсү менен аяктады.

Ал эми үчүнчү секциялык бөлүк Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ф.и.к., доцент Д.М.Чокоеванын жетекчилиги алдында улантылды. конференцияга катышкандардын баяндамаларынын ичинен Майлуу-Суу коллежинин Э-1-23 тайпасынын студенти Эшимырзаев Иметалы “Глобалдуу маселелер жана дүйнө жараны”, Майлуу-Суу коллежинин студенти студенти Тойчубекова Гүлсада “Үй-бүлө куруудагы маселелер”, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенты А.Назарова “А.Осмоновдун лирикалык ырларынын философиясы”, ЖАМУнун окутуучусу Н.Айылчиева “Сабак окутууда скаффолдинг технологиясынын эффективдүүлүгү” деген темада мыкты докладдарды жасашты, негизи эле конференциянын бардык катышуучуларынын илимий докладдары жогорку деңгээлде болду. Баарына сертификат берилди жана илимий конференциянын материалдары “ЖАМУнун жарчысы” илимий журналга жарыяланат.

  • Мамлекеттик тил күнү менен “Кыргыз жери” сыяктуу элдик гимнге айланган ырдын автору Т.Байзаковдун 100 жылдык мааракеси бир күндө белгиленди