AVN

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ КЕСИПТИК СТАНДАРТТАРДЫ СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТӨРДҮН СЫНЫНАН ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА КЕРЕГЕ КЕҢЕШ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ КЕСИПТИК СТАНДАРТТАРДЫ СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТӨРДҮН СЫНЫНАН ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА КЕРЕГЕ КЕҢЕШ
 Sep 25, 2023  180

Алдыңкы тажрыйба борбору  Жалал-Абад колледжинде КРнын билим берүү мыйзамында каралган көз карандысыз сертификациялоо, валидациялоо боюнча окуу жайларда кандай иштер жүрүп жаткандыгы тууралуу маслелелер  боюнча кереге кеңеш болуп өттү.

Ошондой эле Алдыңкы тажрыйба борборунун бир аспекти катары  каралган студенттер үчүн коопсуз чөйрө жана сезимтал мамиле маселелери да каралды

Бул кереге кеңешке  окуу жайдын жетекчилиги жана артыкчылыктуу адистиктер “Ветеринария”,”Электр станциялар,түйүндөр жана тармактар”,”Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо”,”Автоматташытырылган системаларды жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо”   боюнча социалдык өнөктөштөр  катышышты.

Бул кереге кеңеште азыркы учурда жаңы технологиялардын ыкчам өнүгүүсүнөн улам жумушчуларга болгон талаптар дагы өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу,жумуш ордунда  окутууда компотентүүлүктү өздөштүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен колледждин бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик компетентүүлүгүн баалоо тутумун түзүү,- окуу жай үчүн маанилүү багыттардын бири болоорун,иш берүүчүлөр менен тыгыз иш алып баруу-азыркы учурдун негизги талаптары экендигин окуу жайдын жетекчиси п.и.к.,доцент Б.М.Турдубаева өзүнүн сөзүндө баса белгиледи.

Кереге кеңешке  иш берүүчүлөрдөн:“Лек” окуу борборунун башкы директору Э.Дарбанов,

Жалал-Абад электро ишканасынын башкы инженеринин орун басары А.А.Болотов жана Н.Маматов,ОсОО МКК”Байлык финанстын” жетекчиси Н.Ордобаев, Жалал-Абад областтык китепканасынын башчысы С.Аталиева,№14С.Давлетов атындагы инноавиялык лицейинин башталгыч класстарынын окуу бөлүм башчысы Н.Э.Турумова  жана чет тили мугалими Г.Осмонов,Жалал-Абад шаардык мэриясынын мунисипиалдык менчик башкармалгынын башкы адиси М.Камбаров,Сузак райондук ветеринардык башкармалыгынын башкы инспектору  М.Исмаиловдор  талкууга активдүү катышып,АӨБдан келген координатор Э.Абушиновага жана окуу жайдын жетекчиси Б.М..Турдубаевага өздөрү кызыккан суроолорду беришти жана сунуштарын айтышты.

Кереге-кеңеш кызуу талкуулар жанан суроо жооптор менен коштолду.

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ КЕСИПТИК СТАНДАРТТАРДЫ СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТӨРДҮН СЫНЫНАН ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА КЕРЕГЕ КЕҢЕШ