AVN







“МЕН ЖАМУДАН КҮЧ АЛАМ!”

“МЕН ЖАМУДАН КҮЧ АЛАМ!”
 Apr 10, 2018  777

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 95 жылдык юбилейине карата 7-апрель күнү Конфуций институтунун жамааты кезектеги “Мен ЖАМУдан күч алам!” аттуу спорттук иш-чарасын институттун тил үйрөнүүчүлөрү, окутуучулары арасында өткөрүштү. 

Иш-чарага ар бир окутуучу даярдаган 6 команда катышып, өз даярдыгын, шамдагайлыгын, күчүн көрсөтүштү. Катышуучулар кытай эстафеталык оюндарын: duan qiu pao – шарик жеткирүү,  shuong ren jia qiu – биргеликте секирүү,  gun che lun – дөңгөлөнүү, dan ren tiao sheng  - жипте секирүү, ba he – аркан тартмай ойношту.

Жеңүүчү команданын капитаны Алинин айтуусунда иш-чара абдан кызыктуу болуп, командалык маанайда өткөрүлгөн. Ал кытай спорттук оюндарынын түрлөрү көп экендигин, ар биринде бир нече катышуучу биргеликте иштеп, бирине-бири жардам бергенде гана жеңиш болорун, ушундай достук  маанайдагы кызыктуу иш-чаралардын тез-тез өткөрүлүшүн кааларын билдирди.

Мелдештин дагы бир өзгөчөлүгү тил үйрөнүүчүлөр ата-энелери, окутуучулары менен биргеликте команда түзүшүп, оюндарга бирге катышкандыгында болду.

Бул спорттук мелдештин максаты институттун жалпы жамаатына жагымдуу эс алуу, ден соолук, күч-кубат тартуулоо менен бирге, алардын арасында достук алакаларды бекемдөө жана ушундай мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгын түзүп берип жаткан окуу жайын – Жалал-Абад мамлекеттик университетин даңазалоо болчу – дейт Конфуций институтунун директору М. Шакирова.

  • “МЕН ЖАМУДАН КҮЧ АЛАМ!”
  • “МЕН ЖАМУДАН КҮЧ АЛАМ!”
  • “МЕН ЖАМУДАН КҮЧ АЛАМ!”
  • “МЕН ЖАМУДАН КҮЧ АЛАМ!”
  • “МЕН ЖАМУДАН КҮЧ АЛАМ!”
  • “МЕН ЖАМУДАН КҮЧ АЛАМ!”