AVN







АМЕРИКАЛЫК СТУДЕНТТЕР ЖАМУДА

АМЕРИКАЛЫК СТУДЕНТТЕР ЖАМУДА
 Sep 25, 2023  201

Американын Кыргызстандагы элчилигинин “Connect USA” долбоорунун алкагында 15-16-сентябрь АКШнын Колорадо штатындагы Денвер университетинин биология багыты боюнча 3-курс студенти Закари Каплан жана Канзас штатындагы Канзас университетинин чет тилдер багыты боюнча 4-курс студенти Пэрис Гордон Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине студенттердин жашоосу, аларга түзүлгөн шарттар менен жакындан таанышуу максатында саякаттап келишти. Студенттерди эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Мурзалиев Манас жана бөлүмдүн адистери тосуп алышты. Жолугушууда студенттер окуу жайдын структурасы, санариптешкен окуу процесси, инфраструктурасы, профессордук-окутуучулук курамы, көз карандысыз аккредициядан өтүүдөгү ийгиликтери боюнча таанышышты.

Ошондой эле Филология факультетинин Англис тили жана адабияты, маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын студенттери менен жолугушууда өздөрүнүн окуу жайлары боюнча маалыматтар жана кызыктуу фактылар менен бөлүшүп, студенттер менен студент алмашуу жана башка программалар, мүмкүнчүлүктөр боюнча кенен пикир алмашышты.

  • АМЕРИКАЛЫК СТУДЕНТТЕР ЖАМУДА
  • АМЕРИКАЛЫК СТУДЕНТТЕР ЖАМУДА
  • АМЕРИКАЛЫК СТУДЕНТТЕР ЖАМУДА
  • АМЕРИКАЛЫК СТУДЕНТТЕР ЖАМУДА
  • АМЕРИКАЛЫК СТУДЕНТТЕР ЖАМУДА
  • АМЕРИКАЛЫК СТУДЕНТТЕР ЖАМУДА
  • АМЕРИКАЛЫК СТУДЕНТТЕР ЖАМУДА