AVN







ЭНЕ ТИЛИ БОЛБОСО, АТЫ АТАЛБАЙТ УЛУТТУН

ЭНЕ ТИЛИ БОЛБОСО, АТЫ АТАЛБАЙТ УЛУТТУН
 Sep 25, 2023  484

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары кафедрасында 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттерине куратор М.Нурматова тарабынан 2023-жылдын 22-сентябрь күнү “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” темасында куратордук саат өтүлдү.

            Куратордук сааттын максаты болуп, студенттердин кыргыз тилинин байыртадан бери келе жаткан уюткулуу тил экенин даңазалашкандагы , эне тил улуттун мамлекет болуп сакталышына өбөлгө түзөөрүн белгилешкендиги, сүйлөө кебин арттырып, адабий тилдин нормасын сактоого, эне тилди даңктаган көркөм окууларды, макал-лакаптарды айтууга жетишишти. Эли - жерибизди, тилибизди сүйүүгө, маданияттуулукка, тилдин тазалыгын, байлыгын сактоого аракет жасашыбыз керектиги белгиленди.

         Мамлекеттик тил майрамына арналган "Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун" аттуу куратордук саатта студенттер эссе жазып, сүрөт тартып, тилди барктаган, даңктаган ыр саптарын көркөм окушуп, макал-лакап, накыл сөздөрдүн белгисиз бөлүктөрүн толукташып, ынтызарлык менен куратордук саатта пландалган кадамдар аткарылды. Иш максатына жетти.

  • ЭНЕ ТИЛИ БОЛБОСО, АТЫ АТАЛБАЙТ УЛУТТУН