AVN







КЫРГЫЗ ТИЛИМ-МЕНИН ДИЛИМ

КЫРГЫЗ ТИЛИМ-МЕНИН ДИЛИМ
 Sep 22, 2023  499

Бүгүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТ-1-23, ЧТк-2-23 жана ЧТк-3-23 тайпаларынын студенттери тарабынан 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Майрамдык салтанатта студенттер кыргыз тилин даңазалаган ырларды ырдашып, комузчулар күү чертишип,  Манас айтып, чимирилип кыргыз бийин бийлешти. Айрыкча ЧТ-1-23 тайпасынын студенти Каримова Насибанын  көркөм окуусу,  Турдалиева Венеранын "Кыргызстаным" деген ыры жана ЧТк-3-23 тайпасынын студенти  Султаналиева Аруукенин “Курманбек” дастанынан үзүндү айтуусу жогорку чеберчиликтеги аткаруу болду. Бул тайпалардын күраторлору Г.Жороева, Н.Арсланбекова жана А. Керимбердиевалар бул иш чара 1-курстардын алгачкы иш чарасы экенин айтышып мындан ары да ушундай иш чараларга активдүү катыша турганын билдиришти.

  • КЫРГЫЗ ТИЛИМ-МЕНИН ДИЛИМ
  • КЫРГЫЗ ТИЛИМ-МЕНИН ДИЛИМ
  • КЫРГЫЗ ТИЛИМ-МЕНИН ДИЛИМ