AVN







«ДОСТУК ДААМЫ»

«ДОСТУК ДААМЫ»
 Apr 10, 2018  908

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата “Достук даамы” аттуу иш-чара Конфуций институтунда болуп өттү. Бул тууралуу институттун директору Мавлюда Шакирова билдирди.

Мында студенттер кытай волонтерлорунун жетекчилигинде кытай даамдарын өз колдору менен жасашып,  кытай тамактарын даамдап, бири-бирине жылуу сөздөрүн айтышты.

Иш-чарага катышкан  Лк-16 тайпасынын студенти Мээрим: “Биз кытай тилин үйрөнүү менен бирге кытай элин ар тараптан тааный баштадык. Кытайлыктар тамакка өзгөчө көңүл бурушат. Ар бир тамак даамдуу гана эмес пайдалуу болуш керек. Бир дасторконго олтуруп, бири-бири менен жылуу маек куруу – достукка өбөлгө дешет. Айрыкча, сыйлаган адамдарына өз колдору менен тамак жасап, дасторконго чакырышат. Институтта мындай иш-чаралардын байма-бай өткөрүлүп турушу бизди кызыктырат. Биз өз колубуз менен кытай тамактарын жасадык. Ушундай таанып-билүүчүлүк маанайдагы иш-чаралар эки элдин, кыргыз-кытай элдеринин достугун бекемдейт”-, деп өз оюн айтты.

Институттун кытай директору  Айдар Үсөн: “Биздин институтта кытай тилин үйрөнүп жаткан ар бир окуучунун ар бир күнү кызыктуу, маанилүү болуш керек. Бул сапар мен балдарга тамак жечү “куайзыны”, кыргызча таякчанын философиялык маанисин түшүндүрүп, аны кантип кармоону үйрөттүм. Мындай таанып-билүүчүлүк жүгү бар иш-чараларды тынымсыз өткөрмөкчүбүз жана катышууну каалагандар үчүн эшигибиз ар дайым ачык”-дейт.

  • «ДОСТУК ДААМЫ»
  • «ДОСТУК ДААМЫ»