АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ
Sep 15, 2023 377
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Фоизова Рошана жана академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча адиси Абдукеримова Алия 5-6-7-сентябрь күндөрү академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча студенттерге маалымат беришти.
Программа боюнча Э. Уметов атындагы педагогика, филология, медицина, экономика-юридика жана табигый-техникалык факультеттеринин 1-курсунун студенттери толук маалымат алышты.
Академиялык мобилдүүлүк программасынын жана башка окуу жайлар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде студенттер 1 семестр же 1 жыл (өлкөнүн ичиндеги же чет өлкөдөгү) ЖОЖдордо билим алып келишсе болот. Программага 1-курстун студенттери окуу жылынын II семестринен, 2-курс жана 3-курстун студенттери катыша алышат.
Программага катышуу үчүн студенттер деканатка (координаторго) төмөнкү документтерди берүүсү зарыл:
- студенттин өтүнүч-арызы;
- чакыруунун көчүрмөсү, мамлекеттик же расмий тилде котормосу менен кошо (чакырууда сапарды өтөө мөөнөтү, максаты жана окутулуучу дисциплиналардын тизмеси камтылууга тийиш);
- учурдагы транскрипти;
- окутуу боюнча үч тараптуу келишим;
- окуу графиги ( окуу графиги студенттин жеке окуу планына ылайык кабыл алуучу ЖОЖдо окулуучу дисциплиналардын тизмесин жана өзү окуган ЖОЖдо ДОТ менен окутулуучу дисциплиналардын тизмесин өзүнө камтууга тийиш;
- чет тилдерди билүүсүн күбөлөндүрүүчү документ ( сертификат ).