AVN







ТАҢШЫ КОМУЗ

ТАҢШЫ КОМУЗ
 Sep 11, 2023  320

2023-жылдын 9-сентябры Кыргыз элинин көөңөргүс мурасы болгон комуз музыкалык аспабыны арналган “Комуз күнү” белгиленип келүүдө. Бул күндүн урматына  университеттин  башкы корпусунун алдында салданаттуу  иш-чара уюштурулуп өттү. Иш-чараны мамлекеттик тил бөлүмү менен маданий-эстетикалык борбору уюштуруп, улуу окутуучу А.Шерипбаев тарабынан маанилүү баяндама жасалды.  Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес экендигин комуз элдик салттуу маданиятта өзгөчө орунду ээлегендиги, комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан муунга өтүп, биздин күндөргө чейин жетти жана аны аздектеп сакташыбыз керектиги баяндамада баса белгиленди. Ошондой эле студенттерден түзүлгөн “Жаш канат” фольклордук ансамблинин жаш таланттары облусттук Т.Тыныбеков атындагы филормониянын кызматкерлери менен биргеликте комуз күүлөрү жаңырган концерттик номерлерди тартуулашты.  

Иш-чараны мамлекеттик тил жана тил саясаты, социалдык иштер жана тарбиялык иштер боюнча проректорлору ачышты жана алып барышты.

  • ТАҢШЫ КОМУЗ
  • ТАҢШЫ КОМУЗ
  • ТАҢШЫ КОМУЗ
  • ТАҢШЫ КОМУЗ
  • ТАҢШЫ КОМУЗ
  • ТАҢШЫ КОМУЗ