AVN







ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТТАРДЫ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА СЕМИНАР- ТРЕНИНГ БОЛУП ӨТТҮ

ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТТАРДЫ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА   СЕМИНАР- ТРЕНИНГ БОЛУП ӨТТҮ
 Apr 10, 2018  884

Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун алкагында   “Математикалык  жана табигый-илимий билим берүү тармактарынын предметтик стандарттарын киргизүү боюнча  кесипкөйлүк тренерлик чеберчилик” аттуу семинар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде  2018-жылдын 2-апрелинен 5-апрелине чейин Ош шаарында  жогорку жана орто окуу жайларынын, орто мектептин  химия, биология, физика, математика, география мугалимдеринин катышуусунда болуп өттү.  

Аталган семинарга Жалал-Абад мамлекеттик университетинин биология мугалимдери Турдубаева Б.М., Таштанова К., химия мугалимдери Арстанбекова Н.Б., Жолдошалиева Н.С., география мугалимдери Термечикова С., Молдомусаева А., физика мугалими Нусупова Р. жана математика мугалимдери Нурматова М., А. Маткасымовалар катышып келишти.  Семинар  Азия өнүктүрүү банкы менен КРнын Билим берүү  илим министрлигинин, Колумбия Университетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Семинардын негизги максаты: Жалпы билим берүүчү мектептерде предметтик стандартты киргизүү боюнча кесипкөйлүк тренерлик чеберчиликти жогорулатуу болуп эсептелет – дейт уюштуруучулар.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан предметтик стандарттын түзүмдөрү, компетенция, компетенттүүлүк, билим берүүнүн жыйынтыгы, күтүлүүчү натыйжалар, индикаторлор, окутуунун методдору, шыктандыруучу билим берүүчү чөйрө, баалоонун негизги стратегиялары кызуу талкууга алынды.

  • ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТТАРДЫ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА   СЕМИНАР- ТРЕНИНГ БОЛУП ӨТТҮ
  • ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТТАРДЫ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА   СЕМИНАР- ТРЕНИНГ БОЛУП ӨТТҮ