AVN







СЫЙМЫКТУУ УСТАТЫМ

СЫЙМЫКТУУ УСТАТЫМ
 Sep 11, 2023  277

Филология илимдеринин доктору, профессор, жогорку окуу жайлары жана орто мектептер үчүн окуу китептеринин, бир нече окуу куралдарынын, ондогон монография, жүздөгөн илимий жана илимий-популярдуу макалалардын автору Ибраим Абдувалиев “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” наамына татыктуу болду.

 Өмүрүн бүтүндөй илим-билимге арнап койгон сыймыктуу устатымдын басып келе жаткан жолдору –  байсалдуу,  сөздөрү – маанилүү, эмгеги – үлгү. Ал 1972-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик  университетинин филология факультетин артыкчылык менен бүтүрүп, кыргыз тили жана адабияты окутуучусу адистигине ээ болгон. Ошол эле жылы кыргыз тил илими кафедрасына аспирантуранын сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, 1984-жылы “Конноспортивная лексика в кыргызском языке” деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.

1984-1988-жылдары КР УИА Тил, адабият институтунда илимий кызматкер, 1988-90-жылдар Кыргыз Советтик Энциклопедиясында “Манас” редакциясынын башчысы, 2004-жылы И.Арабаев университетинде доцент, кафедра башчы жана декан кызматтарында иштеген. 2004-жылдан бери Жалал-Абад мамлекеттик университетинде эмгектенип келе жатат. 2008-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, 2016-жылы профессор наамын алган. Учурда филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору.

Агайым адистик предметтерден лекцияларды жогорку деңгээлде окуп, практикалык сабактарды заманбап усулдарды колдонуу менен абдан кызыктуу өтүп, өз ишине берилүү менен мамиле жасап, уюштуруучулук, жаштарга камкордугу, талап кылуучулук жана адамгерчиликтүүлүгү менен кесиптештерине жогорку  үлгү көрсөтө алды. Жыл сайын студенттерди студенттик илимий практикалык конференцияларга, олимпиадаларга даярдап, жаштарды илим изилдөөгө кызыктырып келет. Аспиранттарга илимий жетекчилик кылып, кыргыз тил илиминин өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошуп келет. Анын жетекчилиги менен 8 (сегиз) аспирант кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошту.

И.Абдувалиевдин илимий монографияларын Кыргызстандагы гана эмес, чет өлкөлөрдөгү түркологдор да пайдаланышат. Ал -  кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн түзүүчүлөрдүн бири. И.Абдувалиевдин илимий изилдөөлөрүнүн алкагы кенен. Кыргыз тилинин морфологиясы, лексикасы, тарыхы, байыркы жазма эстеликтер жана башка түрк тилдери боюнча да илимий макалаларды, момнографияларды жазып келет. Түркия, Россия, Франция, Монголия, Хакасия, Казакстан, Азербайджан мамлекеттериндеги конференцияларга катышып, чет өлкөлүк окумуштуулар менен байланышта иштеп жатат. Илимдин проблемалуу маселелир боюнча ар дайым демилге көтөрүп, илимий жыйындарда кызыктуу докладдарды жасайт.

Түрк элдеринин фольклору боюнча өз алдынча иштеп, “Коркут ата китебин”, башкырлардын “Урал баатыр” эпосун которгон. Бүгүнкү күндө да жыл сайын окуу китеп, окуу курал, монографияларды жазып, илимий басылмалардан жарыкка чыгарып тынымсыз эмгектенүүнүн үстүндө жүрөт.

И.Абдувалиев ЖАМУда чоң кадыр–баркка ээ болуп, министрликтин, Жогорку Кеңештин башка мекемелердин бир топ Ардак грамоталары менен да сыйланган.

Заманыбыздын ушундай керемет инсаны менин илимий жетекчим болуп калгандыгына чексиз кубанам жана сыймыктанам. Устатым жөнүндө узак сөздөрүм али алдыда...

Филология илимдеринин кандидаты, доцент Шакирова Мавлюда Рысбаевна

  • СЫЙМЫКТУУ УСТАТЫМ
  • СЫЙМЫКТУУ УСТАТЫМ