AVN

НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ, БҮТҮРҮҮЧҮНҮН МОДЕЛИ ЖАНА ПРАКТИКАНЫН ЖОЛ КАРТАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ,  БҮТҮРҮҮЧҮНҮН МОДЕЛИ ЖАНА ПРАКТИКАНЫН ЖОЛ КАРТАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Sep 11, 2023  325

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2023-жылы 7-сентябрда иш берүүчү, эксперт жана бүтүрүүчүлөр менен негизги билим берүү программасын, бүтүрүүчүнүн моделин, практиканын жумушчу программаларын жана жол картасын талкуулоо болуп өттү. Талкууга Заманбап эл аралык университетинин англис филологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Көкөнбай уулу Нурбек, К.Токтомаматов атындагы эл аралык университеттин үзгүлтүксүз билим берүү институтунун чет тилдери жана котормонун теориясы жана практикасы кафедрасынын доценти Г.Жапарова, ЖАМУнун алдындагы экономикалык-юридикалык колледждин окутуучусу Н.Айылчиева, Эл аралык кыргыз-түрк колледжинин директору Э.Кенешова, Жалал-Абад шаарындагы №3 орто мектептин англис тили мугалими Орозали кызы Элмира, Курманбек баатыр атындагы балдар лицейинин англис тили мугалими Ш.Саидикрамов жана Илим окуу борборунун англис тили мугалими Ж.Мисиралиева катышышты. Алар менен биргеликте НББПнын, бүтүрүүчүнүн моделин жана жол картасынын мазмуну, компетенциялар, дисциплиналар талкууланды. Талкуу учурунда катышуучулар өз ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышты.   

  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ,  БҮТҮРҮҮЧҮНҮН МОДЕЛИ ЖАНА ПРАКТИКАНЫН ЖОЛ КАРТАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ