AVN







БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!

БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
 Sep 1, 2023  571

100 жылдык тарыхы бар, билимдин, илимдин уясы болгон Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети студенттер үчүн эшигин ачты. Иш чарага окуу жайдын ректору Усенов Кенешбек Жумабекович баштаган эмгек жамааты, студенттер, абитуриенттар жана ата-энелер катышышты.

Алгач окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж. Усенов иш чараны ачып, каалоо-тилегин айтып өттү. “Өлкөбүздөгү бир кылымдык тарыхы бар жалгыз жогорку окуу жай биздин университет. Тарыхы терең, мыкты жана атактуу инсантарды билимге, илимге суугарып уясынан учурган окуу жайды тандадыңар. Келечекте силер дагы кесипкөй, мыкты инсан болуп тарбияланып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошосуңар деп ишенем. Окуу жайыбыз акыркы беш жылдан бери мамлекеттеги алдынкы беш университеттин катарында келе жатат. Ошондой эле материалдык техникалык базалары, лабораториялар заман талабына ылайыкталып, адистерди даярдоого мыкты шарттар түзүлүүдө. Бул жерден бир эле билим албастан, илим да алсаңыздар болот. Андан сырткары англис, кытай тилдерин бекер үйрөнө аласыңар. Спорт жана маданий секторлорго катышып, 4 жылдык убактыңарды текке кетирбей ийгиликтерди жаратууга мүмкүнчүлүгүңөр бар. Баарыңардын окууларыңарга ийгилик каалайм!” – деген тилегин билдирди ректор.

Билим күнүнө карата студенттер тарабынан маданий иш чара уюштурулуп, соңунда ЖРТнын жыйынтыгы менен 185 балл алып, ЖАМУга окууга тапшырган  абитуриентке билим ачкычы ыйгарылды.

  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
  • БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!