AVN

ЗАМАН ТАЛАБЫНАН АРТТА КАЛБАЙ АЛДЫНКЫ ТАЖРЫЙБАЛАРДЫ ӨЗДӨШТҮРӨБҮЗ

ЗАМАН ТАЛАБЫНАН АРТТА КАЛБАЙ АЛДЫНКЫ ТАЖРЫЙБАЛАРДЫ ӨЗДӨШТҮРӨБҮЗ
 Jul 3, 2023  507

Б.Осмонов  атындагы ЖАМУнун алдында түзүлгөн Окутуунун инновациялык технологиялары борбору тарабынан университеттин профессордук-окутуучулук курамына окутуу семинарлары бир ай бою жүргүзүлдү. Бул семинарда окутуучулар үчүн зарыл болгон, бүгүнкү күндө талап кылынып жаткан окутуу технологияларын сабактарда колдонуу  максатында методикалык сунуштар, теориялык, практикалык  билимдер менен камсыз боло алышты.  Катышуучулар менен болгон кайтарым байланыш учурунда семинардын жүрүшүндө өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алгандыгын, билим сандыктарын тиешелүү билим, билгичтиктер, көндүмдөр менен толуктай алгандыгын билдиришти.

 Профессордук-окутуучулук курамды окутууда эл аралык, республикалык денгээлдерде уюштурулуп жүргөн тренингдерден окуп билим алышкан жана ал билимдерин өз практикасында кенири пайдаланып, алдынкы тажрыйбаларды көрсөтүп  келишкен ЖАМУнун окутуучулары иш алып барышты.  Эмгек өргүүнүн алдында аталган семинардын уюштуруучуларына,  окутууга катышкан ЖАМУнун профессордук окутуучулук курамына ийгиликтерди каалап, кетмекчибиз. 

  • ЗАМАН ТАЛАБЫНАН АРТТА КАЛБАЙ АЛДЫНКЫ ТАЖРЫЙБАЛАРДЫ ӨЗДӨШТҮРӨБҮЗ