AVN







ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023

ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023
 Jun 29, 2023  302

ЖАМУнун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына жана түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата  100 жылдыкка 100 иш-чара өткөрүүнүн алкагында  Алдыңкы тажрыйба борборунда ЖАКтын мыкты окутуучусу-2023 конкурсу жүрүп жаткандыгы жөнүндө мурдаңкы жаңылыктарда жарыяланган. Учурда колледжде ачык сабактар график боюнча  жыйынтыкталды. ЖАКтын мыкты окутуучусу- 2023 конкурсуна катышуучулардын  ачык сабактардан тышкары төмөндөгү көрсөткүчтөрү  бааланды:

1. Электрондук версиядагы окуу материалдар (AVN программасына жайгаштырылган окуу-усулдук эмгектери, тесттик тапшырмалары) .

2 Өткөн сабактары боюнча окутуучунун электрондук журнал менен иштөөсү.

3. Өтүп жаткан сабактарынын жумушчу программасы.

4. Дисциплина боюнча жумушчу дептердин болушу: апробациясы же бегитилген варианты.

Жыйынтыгында :

1-орун башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКнын окутуучусу А.Ажикулова I даражадагы диплом жана 5000сом ;

2-орун табигый илимдер ПЦКнын окутуучусу З.Кошалиев II даражадагы диплом жана 3000сом;

2-орун жана КМТШИ ПЦКнын окутуучусу С.Кадырова II даражадагы диплом жана 3000сом;

3-орун ӨКК жана ТОиРАТ ПЦКнын окутуучусу М.Орозалиева III даражадагы диплом жана 2000сом;

3-орун дене тарбия ПЦКнын окутуучусу К.Шамшиев III даражадагы диплом жана 2000сом сыйлыктар менен сыйланышты.

ЖАКтын мыкты окутуучусу -2023 конкурстун калган катышуучулары дагы өздөрүнүн педагогикалык потенциалын жана активдүүлүгүн көрсөтүшүп, дипломдор менен сыйланышты.    

График боюнча төмөнкү окутуучулар:

1. ӨККжана ТОИРАТ ПЦКдан М.Р.Орозалиева БКМк-01-22 тайпасына экологиянын негиздери дисциплина боюнча “КРнын өзгөчө кайтаруудагы  жаратылыш аймактары жана объектилери”;

  • ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023
  • ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023
  • ЖАКТЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2023