AVN







ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА-ИЛИМ ИЗИЛДӨӨНҮН БАШАТЫ

ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК  ПРАКТИКА-ИЛИМ ИЗИЛДӨӨНҮН БАШАТЫ
 Jun 26, 2023  321

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан   ФББ(Ат)маг-1-22 тайпасынын магистранттарынын илимий-педагогикалык практикасынын жыйынтыгы боюнча конференция өткөрүлдү. Конференцияга англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.О.Калмуратова, кафедрадагы магистранттардын илимий жетекчилери жана магистранттар катышты. Магистранттар илимий-педагогикалык практика учурунда “Англис, кыргыз тилдериндеги макал-лакаптарды салыштырып изилдөө”, “Э.Иманалиевдин ырларына лингвопоэтикалык анализ”, “IT технологияларын колдонуу менен англис тилин окутууну трансформациялоо жана модернизациялоо” жана башка илимий темалардын үстүндө аткарган иштери, изилдөөлөрү боюнча отчет беришти. Илимий жетекчилер өз кезегинде магистранттардын илимий-педагогикалык практикасы боюнча өз ой-пикирлерин айтышты. Конференция суроо, жооптор менен коштолду.

  • ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК  ПРАКТИКА-ИЛИМ ИЗИЛДӨӨНҮН БАШАТЫ
  • ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК  ПРАКТИКА-ИЛИМ ИЗИЛДӨӨНҮН БАШАТЫ