AVN

Жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлар менен тажрыйба алмашуу

Жакынкы  жана алыскы  өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлар менен тажрыйба алмашуу
 Jun 22, 2023  494

Б. Осомонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети  жакынкы жана алыскы  өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлар менен  да кызматташат. Мына ошол  өз ара кызматташуу келишимдин негизинде табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасынын  а.ч.и.к.,доцент Жээнбекова Бурулай Жолболдуевна академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университетинин экология кафдрасында тажрыйба алмашып келди.Мындай маалыматты аталган кафедранын кафедра башчысы п.и.к.,доцент Нуржан Батыровна билдирди.

Анын айтымында доцент Б.Ж.Жээнбекова экология кафдрасында билим алып жаткан студенттерге “Биоартүрдүүлүктүн азыркы учурдагы абалы” жана “Биоартүрдүүлүктү  коргоо көйгөйлөрү”  деген темада  лекция окуп тажрыйба алмашты. Ошондой эле Бурулай Жолболдуевна студенттерге Кыргыз Республикасы жана анда кездешкен Жалал-Абад облусу жана Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университети жөнүндө кеңири маалымат  берип,  кесиптештер менен  өз ара тажрыйбаларын бөлүшүштү. Окуу  жайдын  материалдык-техникалык базасы , окуу лабораториялары, китепканалары менен кеңири  таанышып тажрыйба алмашты  дейт Нуржан Батыровна.

  • Жакынкы  жана алыскы  өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлар менен тажрыйба алмашуу