AVN







Март, апрель революцияларына карата илимий практикалык конференция өткөрүлдү

Март, апрель революцияларына карата илимий практикалык конференция өткөрүлдү
 Apr 10, 2018  803

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында 6-апрель күнү окутуучулар жана студенттердин катышуусунда “Апрель Элдик революциясы” илимий практикалык конференция өткөрүлдү.

         Конференциянын модератору илимий иштер боюнча проректор Алыбаев К. С. конференцияны ачып, куттуктоо үчүн сөз ЖАМУнун ректору К. Ж. Усеновго берди. Ал өз сөзүндө Март, Апрель окуялардын тарыхый ордун белгилеп, мамлекетибизде демократиялык принциптердин экономикалык, саясий жана башка маселелердин чечилишине тийгизген таасирин белгилеп конференциянын ишине ийгилик каалады.

         Пленардык жыйында төмөнкү баяндамалар окулду:

         Авазов Э.А. т.и.к., доцент «2002-2010-жж. Кыргызстандагы коомдук-саясий процесстердин жыйынтыктары жана сабактары».

         Исаков Б.М. «2010-жылдагы Апрель революциясынын жыйынтыктары жана бүгүнкү коомдук көз караш» Халматов К. А. т.и.к., доцент «Март-апрель окуялары: жалпылыктары жана айырмачылыктары».

         Анарбекова В.Э. т.и.к., окутуучу «Март-апрель окуялары элдик оозеки чыгармачылыкта»

         Бердыходжаев К.Б. окутуучу, музей башчысы – «Апрель революциясы тарыхый изилдөөлөрдө: ойлор жана көз караштар»

         Мамытов М. И. окутуучу «Түстүү революциялардын тарыхый маани-маңызы»

         Акыев Н. Т. окутуучу «Ыңкылап түшүнүгүнүн илимий анализи».

         Доклаттар боюча Шерматов А., Акжолов А., Сабиров К.  чыгып сүйлөп өз ойлорун билдиришти.

         Конференциянын катышуучулары каралып жаткан тема боюнча суроолорду  беришти жана өз пикирлерин айтышты.

  • Март, апрель революцияларына карата илимий практикалык конференция өткөрүлдү