AVN

Студенттердин квалификациялык иш алдындагы практикасынын отчетторун кабыл алуу

Студенттердин квалификациялык иш  алдындагы практикасынын отчетторун кабыл алуу
 Jun 19, 2023  289

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табийгый -техникалык факультетинин жана үзгүлтүксүз билим берүү институтунун 640200 Электроэнергетика жана электротехника багытынын, электр менен камсыздоо жана электроэнергетикалык системалар жана түйүндөр профилинин ЭЭСС-1-19, ЭКс-1-18, ЭЭССс-1-18 тайпаларына квалификациялык иш алдындагы практикасынын отчётун кабыл алуу конференциясы болуп өттү.

Бул конференцияга ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Жолдошалиева Н.С., электроэнергетика жана механика кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Кокумбаева К.А. жана квалификациялык иш алдындагы практиканын жетекчилери Ташиев З.К., Алиев М.К., Турдукулова А.А., Султаналиева К.К., Кочкорова М.Б. жана ЭЭСС-1-19, ЭКс-1-18, ЭЭССс-1-18 тайпаларынын студенттери катышышты.

Студенттеридин квалификациялык иш алдындагы практикасынын отчёттору өндүрүштүк практиканын ЖОБОсунун баалоо критерийлеринин негизинде бааланды. Практиканы өтөө учурунда окуу илимий изилдөө иштер менен алек болгон студенттер “5” деген бааларга татыктуу болушту.

Конференция учурунда студенттер практика учурунда жетекчилер тарабынан өздөрүнүн квалификациялык ишинин темаларына байланыштуу болгон керектүү болгон баардык методикалык жардамдарды байма- бай алып тургандарын жана бул практика квалификациялык иштерин аткарууда керектүү материалдарды чогултууга чоң жардамы тийгендигин билдиришти.

  • Студенттердин квалификациялык иш  алдындагы практикасынын отчетторун кабыл алуу