AVN







ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА

ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
 Jun 16, 2023  481

Бүгүн 16-июнь күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде облустардагы жогорку окуу жайлар арасында  “Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн” аттуу студенттердин достук фестивалы өтүүдө.

Фестивалга дубандардан келеген 7 мамлекеттик университеттин   студенттери катышып, жобого ылайык концерттик программаларын  тартуулоодо.

Окуу жайдын ректору Кенешбек Усенов фестивалды ачып, достук фестивалынын уюшулуп жатканына 7 жыл болуп, бул жолу иш-чара ЖАМУнун 100 жылдыгына туш болгонун белгилеп өттү. Келген конокторго окуу жайдын басып өткөн жолун, ийгиликтерин баяндеп берди.

Ошондой эле шаардын вице-мэри, катышып жаткан окуу жайлардын жетекчилери куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын 7-июлунда Ош мамлекеттик университетинде өлкөбүздүн жети дубанында жайгашкан жети мамлекеттик университетинин ортосунда ички академиялык мобилдүүлүктү чыңдаган «Ош декларациясы» кабыл алынган. Келишим түзгөн окуу жайлар: Ош мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, Ош гуманитардык-педагогикалык институту жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети.
 

  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА
  • ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ЖАМУДА