AVN

ОШМУДА ОКУМУШТУУЛУК ДАРАЖАЛАРДЫ ИЗДЕНҮҮЧҮЛӨРДҮН V МЕКТЕБИ БОЛУП ӨТТҮ

ОШМУДА ОКУМУШТУУЛУК ДАРАЖАЛАРДЫ ИЗДЕНҮҮЧҮЛӨРДҮН V МЕКТЕБИ БОЛУП ӨТТҮ
 Jun 15, 2023  355

ОшМУда КРдин Президентине караштуу УАК окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн (докторанттардын, аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн) V мектебинин ишин өткөрдү. Иш-чарага Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун илимий иштер жана иновациялар боюнча проректору С.Ж.Куваков, Окумуштуулар кеңешинин катчысы Ырысбай кызы Салима жана Жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы Кошалиева Зарина, аспирант Женалиева Замира жана изденүүчү Бечелова Айгүлдөр катышып келишти. Иш-чарада КРдин  Президентине караштуу УАКтын төрагасы Бакыт Тыналиева, “Антиплагиат” компаниясынын аткаруучу директору Юрий Чехович, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгуль Абдраева, ОшМУнун дистанциондук билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев жана өлкөдөгү ЖОЖдордун илимий иштер боюнча проректорлору, окумуштуу катчылары, аспиранттары, докторанттары, изденүүчүлөрү, магистранттары катышышты. Үч күнгө созулган иш-чарада окумуштуулардын жана эксперттердин тематикалык баяндамаларын угуу жана илим жаатындагы актуалдуу маселелери камтылган кызыктуу баяндамалар жасалды.  Баяндамачылар менен катышуучулардын ортосунда илим жаатындагы маселелер тууралуу талкуулар жүрдү. Иш-чаранын темасына байланышкан суроо-жооптор жана викторина бөлүгү катышуучулар үчүн абдан маанилүү болду. Аталган иш-чарага биздин кесиптештер активдүү  катышып, жыйынтыгында Ырысбай кызы Салима менен Кошалиева Зариналар алдыңкы орундарга жетишишти. Жыйындын аягында катышуучуларга сертификат, викторинага активдүү катышып, жогорку орундарга жетишкен кесиптештерибизге  белектер жана диплом ыйгарылды. Бул иш-чаранын жүрүшүн  анализдеп ЖАМУнун докторанттарына, аспиранттарына,магистранттарына жана изденүүчүлөрүнө семинар уюштуруу максаты коюулду.

  • ОШМУДА ОКУМУШТУУЛУК ДАРАЖАЛАРДЫ ИЗДЕНҮҮЧҮЛӨРДҮН V МЕКТЕБИ БОЛУП ӨТТҮ