AVN







КЕСИПКӨЙЛҮК СЕРТИФИКАЦИЯЛОО ҮЧҮН САЛЫК ЖАНА САЛЫК САЛУУ БОЮНЧА ОКУУЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

КЕСИПКӨЙЛҮК СЕРТИФИКАЦИЯЛОО ҮЧҮН САЛЫК ЖАНА САЛЫК САЛУУ БОЮНЧА ОКУУЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ
 Jun 13, 2023  468

2023-жылдын 8-9-10-июнь күндөрү Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгы менен биргеликте Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасы БЭк-1-20 жана ФКк-1-20 тайпаларынын студенттерине жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамына кесипкөйлүк сертификациялоо максатында салык жана салык салуу курсу боюнча семинар өткөрүлдү. Семинарда учурдагы Кыргыз Республикасынын салык саясаты, салыктардын жыйналышын көзөмөлдөө, ККМдин колдонулушу, бирдиктүү салык декларациясынын толтурулушу боюнча маселелер калды. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн башчысы, мамлекеттик салык кызматынын майору Сатыбалдиев Нурбек Абдимажитович, окутуу жана үйрөтүү сектор башчысы, мамлекеттик салык кызматынын майору Акимбаев Асан Абдимажитович, мамлекеттик салык кызматынын майору Айтиева Акзирек Маратовналар салык маселелери боюнча сабактарды өтүштү. Ошондой эле семинардын катышуучуларына Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын улук окутуучусу Мусакулов Нурбек Куралбекович ККМ-онлайн деген эмне жана аны кимдер колдонуш керек деген темада сабак өттү. Мындан сырткары башка салык төлөмдөрү, аларды тапшыруу жолдору, мөөнөттөрү боюнча маалыматтар айтылып, студенттер тарабынан өздөрү кызыккан суроолор берилип, жооптор алынды. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар салыктар боюнча түшүнүктөрдү жеткиликтүү түшүнүп, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын адистерине ыраазычылык билдиришти.

         Семинардын жыйынтыгында бардык катышуучуларга кесипкөйлүк сертификаттары тапшырылды деп билдирди, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович.

  • КЕСИПКӨЙЛҮК СЕРТИФИКАЦИЯЛОО ҮЧҮН САЛЫК ЖАНА САЛЫК САЛУУ БОЮНЧА ОКУУЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ
  • КЕСИПКӨЙЛҮК СЕРТИФИКАЦИЯЛОО ҮЧҮН САЛЫК ЖАНА САЛЫК САЛУУ БОЮНЧА ОКУУЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ
  • КЕСИПКӨЙЛҮК СЕРТИФИКАЦИЯЛОО ҮЧҮН САЛЫК ЖАНА САЛЫК САЛУУ БОЮНЧА ОКУУЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ