AVN







ИЮНЬ ОКУЯЛАРЫНЫН САБАКТАРЫ

ИЮНЬ ОКУЯЛАРЫНЫН САБАКТАРЫ
 Jun 13, 2023  283

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык 2010-жылдын июнундагы каргашалуу окуялардын 13 жылдыгын белгилөөгө карата иш-чаралардын планын аткаруу максатында тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан темасы “Июнь окуяларынын сабактары” аталышындагы иш чара уюштурулуп, үзгүлтүксүз билим берүү институнун филология, педагогика, табигый-техникалык, экономика-юридикалык профилиниде окуп жаткан студенттерине тарых кафедрасынын башчысы тарых илимдеринин кандидаты, доцент Анарбоева Гулнара Абуманаповна каргашалуу июнь окуяларынын өбөлгөлөрү, себептери жана аймактык өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берип, келечектеги жаш муундарга толерантуулукка, потриоттулукка жана интерноционалдык духка тарбиялоого үндөдү.

Кафедранын ага окутуучусу Рысбаева Жамила Төлөнөвна июнь окуяларынын жүрүшүндөгү кесепеттерине жана сабактарына кеңири токтолуп студенттерге толук маалымат берди. Ошондой эле тарых кафедрасынын окутуучусу Атабекова Шарапат Батыровна жана кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу Амангелди Шерипбаева июнь окуясынын сабактарын баса белгилешип, студенттерге каалоо тилектерин айтышты. 

  • ИЮНЬ ОКУЯЛАРЫНЫН САБАКТАРЫ
  • ИЮНЬ ОКУЯЛАРЫНЫН САБАКТАРЫ
  • ИЮНЬ ОКУЯЛАРЫНЫН САБАКТАРЫ
  • ИЮНЬ ОКУЯЛАРЫНЫН САБАКТАРЫ