AVN







СТАТИСТИКАЛЫК ЭСЕП ЭКОНОМИКАНЫН ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ НЕГИЗГИ ЭСЕП

СТАТИСТИКАЛЫК ЭСЕП ЭКОНОМИКАНЫН ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ НЕГИЗГИ ЭСЕП
 Jun 13, 2023  319

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасы кесипкөйлүк сертификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жалал-Абад областык статистика башкармалыгы менен биргеликте Статистика предмети боюнча экономика багытынын Бухгалтердик эсеп жана аудит, финансы жана кредит профилинин 3-курсунун студенттерине жана экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын окутуучулар жамаатына семинар  2023-жылдын 5-июнунан 8-июнуна чейин Жалал-Абад шаарында  болуп өттү. 

Аталган семинарда Жалал-Абад областык статистика башкармалыгынын башчысы И.А. Масабиров, орунбасары А.Б.Тургунбаев, каржы, соода бөлүмүнүн башчысы Н.Ж.Айтбаевалар катышышып, учурдагы Кыргыз Республикасынын статистикасынын абалы, келечеги жана өнүгүүсү боюнча маалыматтарды беришти. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын окутуучусу Ч.С.Орозова семинардын катышуучуларына Статистиканын илимий негиздери деген темада лекциялык сабак өттү. Семинар  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жалал-Абад областык статистика башкармалыгынын, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Семинардын негизги максаты: студенттердин теориялык билимин практикада колдонулушу, өндүрүш менен билим беүүнүн байланышын чыңдоо жана кесипкөйлүк сертификациялоо болуп эсептелет – дейт экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы э.и.к.,доцент Э.Н.Төлөнов.

Семинардын аягында катышуучуларга Жалал-Абад областык статистика башкармалыгы тарабынан сертификаттар тапшырылды.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан кызыктырган суроолор берилди жана канааттандырарлык жооптор алынды, негизги мамлекеттик өнүгүү стратегиялары кызуу талкууга алынды.

  • СТАТИСТИКАЛЫК ЭСЕП ЭКОНОМИКАНЫН ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ НЕГИЗГИ ЭСЕП
  • СТАТИСТИКАЛЫК ЭСЕП ЭКОНОМИКАНЫН ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ НЕГИЗГИ ЭСЕП
  • СТАТИСТИКАЛЫК ЭСЕП ЭКОНОМИКАНЫН ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ НЕГИЗГИ ЭСЕП
  • СТАТИСТИКАЛЫК ЭСЕП ЭКОНОМИКАНЫН ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ НЕГИЗГИ ЭСЕП