AVN







АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ
 Jun 12, 2023  332

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын ортосунда түзүлгөн мобилдүүлүк программасынын алкагында жакында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин фармация кафедрасынын улуу окутуучусу Бечелова Айгүл Тыныбековна Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде, улуу окутуучулар Жусубалиев Тайтокур Жороевич, Разыкова Насиба Хайриддиновна Бишкек шаарындагы Эл аралык медициналык университетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча иш сапарында болуп кайтышты. А.Т.Бечелова “Жалпы химия” предмети боюнча студенттерге лекциялык жана лабораториялык-практикалык сабактарды өтүп келди. Ошондой эле окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окуу лабораториялары, китепканалары менен кеңири таанышып чыкты. Аны менен бирге илимий-изилдөө иштерин окуу жайдын профессорлору менен биргеликте жүргүзүшүп, илимий макалаларды жарыкка чыгаруу боюнча иштеп жатат.

Т.Ж.Жусубалиев “Фармакология”, “Токсикологиялык химия” предметтери боюнча, ал эми Н.Х.Разыкова “Дары каражаттарынын технологиясы” предметинен кечки окутуу формасындагы студенттерге лекциялык жана практикалык сабактарды өтүп келишти, ошону менен бирге фармация кафедрасынын окуу лабораториялары менен таанышышты.

Мобилдүүлүк программасынын алкагында А.Т.Бечеловага, Т.Ж.Жусубалиевге жана Н.Х.Разыковага атайын сертификаттар ыйгарылды. Окуу жайлардын ортосундагы студенттердин, окутуучулардын кызматташтыгы мындан ары да уланмакчы.

  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ