AVN







ИЮНЬ ОКУЯЛАРЫНА САРАСЕП

ИЮНЬ ОКУЯЛАРЫНА САРАСЕП
 Jun 12, 2023  268

ЖАМУнун жалпы профессордук-окутуучулук курамы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык 2010-жылдын июнундагы каргашалуу окуялардын 13 жылдыгын белгилөөгө карата иш-чаралардын планын аткаруу максатында тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан темасы “Июнь окуяларына сарасеп” аталышындагы тегерек стол уюштурулуп, катышуучулурага июнь окуларынын өбөлгөлөрү жана себептери жана жүрүшүн, аймактык өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле кесепеттерине жана сабактарына кеңири токтолушуп, келечектеги жаш муундарга толерантуулукка, потриоттулукка жана интерноционалдык духка тарбиялоого үндөштү.

Июнь окуяларынын себептери, жүрүшү, өбөлгөлөрү жана аймактык өзгөчөлүктөрү боюнча тарых кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты Авазов Эрнис Абдыманапович анализ берди,  андан соң июнь окуяларынын сабактары боюнча тарых кафедрасынын башчысы тарых илимдеринин кандидаты, доцент Анарбаева Гулнора Абуманаповна кеңири маалымат берди. Ошондой эле тегерек столдун жүрүшүндө, тема боюнча  талкууга философия илимдеринин доктору, профессор Токоева Гүлдана Самидиновна, жана К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин философия жана табигый илимдер кафедрасынын башчысы, т.и.к, доцент Мырзабаева Нуржамал Сасалимовна жана Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы филология илимдерини кандидаты Кадыров Анара Кадыровналар активдүү катышышып, омоктуу ойлорун ортого салышты.

Жыйынтыгында тарыхчылар июнь окуларынын кесепеттери Кыргыз Республикасынын экономикасына жана улуттар аралык мамилелерге доо келтиргендигин баса белгилешип, мындай иш чараларды болтурбоого жалпы жараандарды ынтымактуулукка, биримдүүлүккө, достук мамилелерге үндөштү.  Тегерек столдун жүрүшүндө видеоролик көрсөтүлүдү.

  • ИЮНЬ ОКУЯЛАРЫНА САРАСЕП
  • ИЮНЬ ОКУЯЛАРЫНА САРАСЕП
  • ИЮНЬ ОКУЯЛАРЫНА САРАСЕП
  • ИЮНЬ ОКУЯЛАРЫНА САРАСЕП