AVN







САПТЫК МЕЛДЕШ

САПТЫК МЕЛДЕШ
 Jun 12, 2023  243

Жалал-Абад колледжинде  1-курстун  (9 база) студенттери үчүн  2022-2023 - окуу жылы аяктоо алдында турат. Ага байланыштуу  аскерге чейин даярдоо сабагы боюнча студенттердин аскердик билим деңгээлин баалоо максатында  саптык ыкмаларды аткаруу боюнча  мелдеш  өткөрүлдү. Мелдеш  коллеждин спорт аянтында уюштурулду. Ага окуу жайдын бардык тайпалары катышышты.

Мелдеш КР Куралдуу Күчтөрүнүн саптык уставынын талаптарына  ылайык уюштурулуп, саптык ыкмалардын бир канча көнүгүүлөрү  аткарылды. Мелдештини катышуучулары саптык ыкмаларды кызыгуу жана атаңдашуу менен так аткарууга аракет кылышып болгон күчтөрүн жумшашты.

Мелдеш колледждин дене тарбия жана жаштарды аскерге чейин даярдоо жетекчиси К.А. Шамшиев тарабынан уюштурулуп, атайын түзүлгөн комиисся курамы жеңүүчүлөрдү аныкташты. Алар   сый барактар менен сыйланышты.

Мелдештин жыйынтыгында  1-орунду БКМБ-2-22 тайпасы,   2-орунду БКМк-2-22 тайпсаы 3-орунду БКМб-2-22 тайпасы ээлешти.

  • САПТЫК МЕЛДЕШ
  • САПТЫК МЕЛДЕШ
  • САПТЫК МЕЛДЕШ