AVN







ОКУТУУЧУЛАРДЫН БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА КУРСТАР УЮШТУРУЛУУДА

ОКУТУУЧУЛАРДЫН БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА КУРСТАР УЮШТУРУЛУУДА
 Jun 9, 2023  352

Жалал-Абад колледжи Алдыңкы тажрыйба борбору макамына ээ жана аймактагы башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окутуучуларын адистиги боюнча билимин жогорулатуу курсунун алгачкы угуучуларын окутууну уюштурду. Курс Энергетика жана Авто унааларды техникалык тейлөө жана оңдоо адистиктеринин окутуучуларынын квалификациясын жогорулатууга багытталып жалпы көлөмү 72 сааттык программа боюнча өткөрүлдү. Курска Т.Кулатов атындагы Кызыл Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика, Өзгөн шаарындагы билим берүү жана технология, ЖАМУнун Майлуу Суу, Кара Көл колледждеринин окутуучулары катышышты. Курсту Алдыңкы тажрыйба борборунун тажрыйбалуу окутуучу-тренерлери Бекешов М., Мавлянов Н., Шаимкулова С., Алимбаева Г., Курбанов А., Сайназаров Э. теориялык билимдерди заманбап уюшулган окуу лабораторияларында окуу стендерин, макеттерди жана маалымат-коммуникациялык технологияларын колдонуу менен жана практикалык сабактарды автомобилдерди оңдоп-түзөө боюнча окуу-өндүрүштүк комплексинде, жогорку чыңалуудагы  Датка электрдик подстанциясында, Таш-Булак көмөкчү чордонунда өткөрүлдү.

Курстун бүтүрүүчүлөрүнө сетификаттарды тапшыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы каржылаган Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр  долбоорунун адиси К.Темиркулова келип, катышуучулардан курстун өтүлүшү боюнча сурамжылоо жүргүзүү менен бирге алардын курстун уюштурулушу, мазмуну боюнча канчалык деңгээлде канааттангандыгы туралуу баарлашып кетти. Кийинки адистик боюнча квалификациясын жогорулатуу курсу башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринин окутуучулары менен болмокчу. 

  • ОКУТУУЧУЛАРДЫН БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА КУРСТАР УЮШТУРУЛУУДА
  • ОКУТУУЧУЛАРДЫН БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА КУРСТАР УЮШТУРУЛУУДА
  • ОКУТУУЧУЛАРДЫН БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА КУРСТАР УЮШТУРУЛУУДА
  • ОКУТУУЧУЛАРДЫН БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА КУРСТАР УЮШТУРУЛУУДА