AVN







ПЕДАГОГИКАЛЫК ЭМЕС БАГЫТТАГЫ АДИСТЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ЖУМУШКА ЖАЙГАШТЫРУУ

ПЕДАГОГИКАЛЫК ЭМЕС БАГЫТТАГЫ АДИСТЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ЖУМУШКА ЖАЙГАШТЫРУУ
 Jun 8, 2023  676

06.06.23ж күнү педагогикалык эмес багыттагы адистерге бюджеттик жана келишимдик негизде билим алып жаткан бүтүрүүчүлөрдү, 35 иш-берүүчүлөр алып келген бош жумуш орундарга бөлүштүрүү иш чарасы болуп өттү. Иш чарга бөлүштүрүү боюнча ЖАМУнун №243/1 буйругу менен бекитилген  комиссиясынын мүчөлөрү катышышты. Бүгүнкү күндө 2022-2023-окуу жылында  жалпы 2189 бүтүрүүчү окуу жайды аяктап жатат, анын ичинен: Педагогикалык -  281, педагогикалык эмес адистери  - 252 (экономист – 43,юрист – 39,энергетик – 49,ветеринар -35,программист – 46,котормочу- 23,социалдык кызматкер – 11,өзгөчө кырдаал  - 6). Орто окуу жайлардан медициналык колледжи  - 168, жалал-Абад колледжинен – 573, медициналык багытта адистикти - 915 бүтүрүүчү бүтүп  жатса анын ичинен 885 чет өлкөлүк  бүтүрүүчүлөр болуп саналат. Бүтүрүүчүлөр үчүн Жалал-Абад облусунун ишканаларынан келип, бош орундуктарды сунушташты. КРнын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын адиси  З.А.Аширов сөзгө чыгып азыркы кезде бүтүрүүчүлөр мамлекеттик кызматтагы бош орундарды  бүтүрүүчүлөргө интернет сайттан кантип иш издөө керектигин үйрөттү (https://mkk.gov.kg/ ). Ошондой эле электрондук арыз калтыруу жана анын мөөнөтү жөнүндө дагы маалымат берип кетти. Анын айтуусунда бүтүрүүчү конкурска коюлган бош орундарга 10 күн ичинде арыз берип үлгүрүп калуусу зарыл.

Алиева Зияда Кошматовна – Жалал-Абад шаардык эмгек, иш менен камсыз кылуу жа миграция бөлүмүнүн адиси, шаардык мекеме-ишканалар берген 380 бош орундукту алып келип жарыялады. Жалал-Абад шаардык казына бөлүмүнүн башчысы А. Р. Сартбаев  КРнын жалпы укуктук мыйзамдарын билүүсүн эскертти. Анткени кадыр дайындоодо өтүлүүчү тестик суроолордо дал ушул мыйзамдар боюнча болооруна токтолду.

Ибраимов Темирбек Ибраимович - ААК “РСК” банк, Жалал-Абад шаарындагы филиалынын директору, бүтүрүүчүлөрдү компютердик сабаттуулукка жана адистиктердин жаңы технологиясынын программаларына кошумча окутууну сунуштады.

Иш чарага катышкан иш берүүчүлөр:

Экономика, эсеп жана каржы. Салык салуу.

1.Тургунбаев А. Б. – иш берүүчү Жалал-Абад областтык статистика            

башкармалыгынын башчысынын орун басары

2.Сартбаев А. Р. – иш берүүчү Жалал-Абад шаардык казына бөлүмүнүн  башчысы

3.Эшкозуев Талантбек Кахаржанович “ЭкоИсламикБанк”,Жалал-Абад шаарындагы филиалынын директору

4. Полотова Гульзина Абдималиковна  -Керемет банктын директорунун орун басары

5. Ашимов Уларбек Сапабаевич -  Компаньон банкынын директору 

6. Ибраимов Темирбек Ибраимович - ААК “РСК” банк, Жалал-Абад шаарындагы филиалы

7.Паизов Жаркынбек Мамазакирович -ААК “Оптимабанк”,  Жалал-Абад шаарындагы филиалынын            директору

8.Турабеков Нурланбек Номонбекович -  ЖАК “Финка” банк, Жалал-Абад шаарындагы филиалынын директору

Электроэнергетика

1.Алыбаев Нурманбет Курманбекович - Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын башкы инженеринин орун басары

Өзгөчө кырдаалдардан коргоо

1. Атабеков Таалайбек Айтишович - ӨКМдин Жаал-Абад областы боюнча башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн башкы адиси

Фармация

1. Ли Светлана Степановна ЖЧК   Фарм-эксперт   директору

2. Абдурахманова Гульназ  ЖЧК - Неман фарм.    башкы директору

Юриспруденция

1.Токтосун уулу Каныбек – Жалал-Абад областык сотунун төрагасы

2.Табылдыбекова Тахмина  - Жалал-Абаддык областык башкаруу сот департаментинин башкы адиси

3. А.Жакыпбек уулу- Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын улук жардамчысы

4. Шерматов Жылдызбек- Жалал-Абад шаарынын ИИБнин тергөөчүсү       

5.Каратаев Т.С.-Сузак райондук адвокатурасынын жетекчиси

6.Ташиев Нарынбек Мырзамаматович - Жалал-Абад шаардык сотунун сот аткаруучусу

7.М.Исмаилов - Сузак РВБнын инспектору

Ветеринария

1. Турдумбетов Таалай Абдылабекович - Жалал-Абад шаардык ветеринардык башкармалыгынын улук ветеринардык инспектору

2. Назаров Калил Кошоевич - Сузак райондук ветеринардык башкармалыгы

Тигүү буюмдарын конструкциялоо

1. Абдыгапарова Айганыш - Таң-Сыры  тигүү цехинин жетекчиси

2. Апсалиева Айдай   -         Сезим –Тилек тигүү цехинин жетекчиси

Автобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо

1. Осмонов Раззак Осмонович - ОсОО  Осмонов Раззак - директор

Социалдык иш

1. Мамасалиева Э.- ЖалалАбад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башкы адиси

2. Алиева Зияда Кошматовна – Жалал-Абад шаардык эмгек, иш менен камсыз кылуу жа миграция бөлүмүнүн адиси

Лингвистика

1.Жойболотов Сыргабек Токтосунович-Жалал-Абад регионалдык айылдык консультативдик кызматынын директору

2. Тилебалды Урайимжанов – Жалал-Абад бизнес ишкерлер ассоциациясынын директору

3. Ташматова Назгул -  психолог ОФ РЦ  "Каниет "

  • ПЕДАГОГИКАЛЫК ЭМЕС БАГЫТТАГЫ АДИСТЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ЖУМУШКА ЖАЙГАШТЫРУУ
  • ПЕДАГОГИКАЛЫК ЭМЕС БАГЫТТАГЫ АДИСТЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ЖУМУШКА ЖАЙГАШТЫРУУ
  • ПЕДАГОГИКАЛЫК ЭМЕС БАГЫТТАГЫ АДИСТЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ЖУМУШКА ЖАЙГАШТЫРУУ
  • ПЕДАГОГИКАЛЫК ЭМЕС БАГЫТТАГЫ АДИСТЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ЖУМУШКА ЖАЙГАШТЫРУУ
  • ПЕДАГОГИКАЛЫК ЭМЕС БАГЫТТАГЫ АДИСТЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ЖУМУШКА ЖАЙГАШТЫРУУ
  • ПЕДАГОГИКАЛЫК ЭМЕС БАГЫТТАГЫ АДИСТЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ЖУМУШКА ЖАЙГАШТЫРУУ
  • ПЕДАГОГИКАЛЫК ЭМЕС БАГЫТТАГЫ АДИСТЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ЖУМУШКА ЖАЙГАШТЫРУУ
  • ПЕДАГОГИКАЛЫК ЭМЕС БАГЫТТАГЫ АДИСТЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ЖУМУШКА ЖАЙГАШТЫРУУ
  • ПЕДАГОГИКАЛЫК ЭМЕС БАГЫТТАГЫ АДИСТЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ЖУМУШКА ЖАЙГАШТЫРУУ