AVN







“ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ – ЖАМУДАН БАШТАЛГАН”

“ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ – ЖАМУДАН БАШТАЛГАН”
 Jun 8, 2023  280

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы тарабынан 2023-жылдын 7-июнунда “Социалдык иш” багытынын бүтүрүүчүлөрү менен “Ийгиликтин башаты – ЖАМУдан башталган” аталыштагы тегерек стол уюштурулду. Тегерек столго “Социалдык иш” багытында окуп жана аны ийгиликтүү аяктап, Жалал-Абад областынын калкты социалдык жактан коргоо, иш менен камсыздоонун мамлекеттик кызматында, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндө эмгектенип жаткан кызматкерлер катышты.

Иш-чарага ЖАМУнун өндүрүштүк практиканы уюштуруу жана карьераны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жолдошалиева Нурия Султановна, профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук  жамааты катышып, бүтүүчүлөрдүн каалоо-тилектерин, ой-пикирлери менен сунуштарын угушту.

Жалал-Абад шаардык эмгек,  социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Жакыпова Назира Алмазбековна өзүнүн жетишкендиктери менен ийгиликтери ЖАМУда окуп жүргөндө эле башталгандыгын, ал үчүн бул окуу жай бардык ийгиликтеринин башаты экендигин айтты. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктын башчысы Джээнбеков Тунукбек Качканбаевич мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга барууда ЖАМУдан алган билими чоң өбөлгө түзгөнүн айтуу менен бир нече сунуштарын ортого салды. Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы,  Сузак, Базар-Коргон райондорундагы калкты социалдык жактан коргоо жана камсыздоо мамлекеттик кызматында, билим берүү системасында эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.

Кафедра тарабынан даярдалган 540200 Социалдык иш багытынын негизги билим берүү программасы, окуу пландары жана окуу предметтери талкууга коюлду. Негизги билим берүү программасына толуктоолорду киргизүү, кээ бир предметтердин мазмунунда ченемдик-укуктук  актыларды тереңдетип окутуу, кесиптик бөлүктөгү предметтерди жылдырып окутуу сыяктуу сунуштар айтылды.

Аягында кафедра башчысы, философия илимдеринин доктору. профессор Токоева Гулдана Самидиновна тегерек столго келип катышып, олуттуу сунуш-пикирлерин жана ыраазычылыктарын билдирген бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалап, мындан ары карым-катнаш, кызматташуу улана бере тургандыгын билдирди.

Урматтуу жаштар! Азыркы учурдун келечектүү адиси катары эсептелген “Социалдык иш” адистигине келип окугула!

Биздин бүтүрүүчүлөр социалдык коргоо системасында, иш менен камсыздоо, пенсиялык камсыздоо мамлекеттик кызматында, миграция кызматында, өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, саламаттыкты сактоо, маданият, билим берүү системасында, күч стуктураларында, армия жана пенитенциардык системада ийгиликтүү эмгектенип

  • “ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ – ЖАМУДАН БАШТАЛГАН”
  • “ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ – ЖАМУДАН БАШТАЛГАН”
  • “ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ – ЖАМУДАН БАШТАЛГАН”
  • “ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ – ЖАМУДАН БАШТАЛГАН”