AVN







ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ
 Jun 8, 2023  393

2023-жылдын 7-июнь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасында «Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери» аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун II форуму болуп өттү.

Форум Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулду.

Аталган иш-чарага Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад университетинен мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор А.Д.Доранова катышты.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.Осмоналиев сөз сүйлөп ачып, куттуктоо сөздөрүнө берди. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору О.Э.Капалбаев, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору А.Т.Абдраевалар форумдун катышуучуларын кызуу куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Иш-чарада ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуунун заманбап жолдору, артыкчылыктары жана кемчиликтери талкууланып, сунуш, ой-пикирлер айтылды жана төмөнкүдөй баяндамалар окулду.

  1. Сатиев Азамат Ташыбекович – Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин проректору.
  2. Супаева Гүлназ Тынаевна – Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин проректору.
  3. Аманалиев Урмат Олжобекович - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору.
  4. Назымов Мунарбек Бурханович – Анашбек Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин проректору.
  5. Тимур Туратали - Assistant Vice President @ Citibank Europe негиздөөчүсү, Data Science Community Kyrgyzstan, Жумалиева Гулира – И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин компьютердик лингвистика кафедрасынын башчысы “Тил корпусун түзүү маселелери”.
  6. Тилек Нурдинов – "Тилимпоз" уюмунун негиздөөчүсү жана жетекчиси, филолог “Чет элдик тажрыйбанын негизинде ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуу”.
  7. Нуркалый Масалбеков, "Тилимпоз" уюмунун башкы менеджери, лингвист “ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуунун заманбап жолдору, артыкчылыктары жана кемчиликтери”.

  • ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ
  • ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ