AVN

КЫТАЙ-КЫРГЫЗСТАН ЛОГИСТИКАСЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ

КЫТАЙ-КЫРГЫЗСТАН ЛОГИСТИКАСЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ
 Jun 6, 2023  267

2023-жылдын 2-июнда КНРдеги Синьцзян жеңил өнөр жай профессионалдык-техникалык институту менен Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ортосундагы келишимдин негизинде "Бир алкак – бир жол" долбоорунун фонунда Кытай-Кыргызстан логистикасынын жана кызматташтыгын өнүктүрүү максатында ЖАМУнун ППСине жана кызматкерлерине онлайн лекция-семинар өткөрүлдү. Иш-чараны Конфуций институту  уюштурду. Лекцияны логистика боюнча адис, бир нече улуттук патенттердин ээси, аталган багыт боюнча бир канча конкурстардын жеңүүчүсү Цай Цихуа алып барды.  Катышуучулар бул иш-чарадан Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы логистикалык жана транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүүнүн потенциалы зор экендиги,  бул  боюнча адистерге суроо-талаптын кеңейиши, мамлекеттик ведомстволор өздөрүнүн лидерлик ролун толук көрсөтүп, логистикалык ишканалар менен университеттердин ортосунда байланыштарды түзүп, Кытайдын жетилген логистикалык индустриясынын тажрыйбасын изилдеп-үйрөнүп, квалификациялуу адистерди окутуу керектигин ж.б. багытта маалымат ала  алышты. Катышуучуларга эл аралык деңгээлдеги сертификат тапшырылмакчы.

Конфуций институту өз ишмердүүлүгүндө КНРдеги ЖОЖдор менен тыгыз кызматташтыкта болуп, ЖАМУ үчүн керектүү долбоорлордун үстүндө иш алып бара бермекчи.

  • КЫТАЙ-КЫРГЫЗСТАН ЛОГИСТИКАСЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ