AVN







ИЛИМИЙ КЕҢЕШМЕ БОЛДУ

ИЛИМИЙ КЕҢЕШМЕ БОЛДУ
 Jun 5, 2023  304

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде,  ЖАМУнун илимий техникалык кеңешинин мүчөлөрү менен КРУИАнын Түштүк бөлүмүндөгү Жалал-Абад илимий борборунун жетекчилери биргеликте кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде окумуштуулар кеңешинде кабыл алынган КРнын Министрлер Кабинетинин 2023-жыл 25-апрелиндеги №221 токтомуна ылайык Б.Осмонов атындагы ЖАМУ менен КРУИАнын Түштүк бөлүмүндөгү Жалал-Абад илимий борборунун өз-ара иштешүүнүн жобосу талкууланды. Алдыда биргелешип иштей турган иш-чаралар белгиленди. Окуу жай менен илимий борбордун биргелешип иш жүргүзүүсү-жакшы илимий натыйжа берерин эки тараптын тең окумуштуулары бир ооздон белгилешти.

  • ИЛИМИЙ КЕҢЕШМЕ БОЛДУ