AVN







КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН ТҮЗҮЛГӨН КҮНҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН ТҮЗҮЛГӨН КҮНҮ
 Jun 2, 2023  329

Алдыңкы тажрыйба борборунда 29-май Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата аскердик - спорттук мелдеш  өткөрүлдү.

Иш-чараны  колледждин дене тарбия жана жаштарды аскерге чейин даярдоо жетекчиси  К.А. Шамшиев  ачты. Ал мелдештин максаты, өткөрүү тартиби менен тааныштырды. Андан соң ,Жалал-Абад колледжинин мамлекеттик тил жана тарбия иштери  боюнча директордун орун басары  Э. Беков жана экономика-юридикалык  колледжинин дене тарбия окутуучусу К. Разаков сөз сүйлөшүп катышуучуларга  ийгилик каалашты.                      

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата ЖАКта уюшулган мелдештин  максаты:

- аскердик-мекенчилдик  тарбияны жогорулатуу;

- Жалал-Абад колледжиндеги  студенттердин дене тарбия  даярдыгын текшерүү;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөө боюнча студенттердин деңгээлин аныктоо;

- аскердик кызматты даңазалоо.

Студенттер мелдеште төмөнкү көнүгүүлөр боюнча  күч сынашышты:

-  противогазды убакытка кийүү;

- Калашников автоматын убакытка толук эмес чачуу жана жыйноо;

- пневматикалык винтовкадан ок атуу;                                                                                      - кол гранатасын алыстыка ыргытуу;                                                                                                           

- аркан тартмай.

 Жыйынтыгында:

1- орун АТб-2-22 тайпасы

2- орун БКМК-2-22 тайпасы

3-орун МЧББб-2-22 тайпасы ээледи.

Мындан сырткары ар бир көнүгүү боюнча эң жакшы натйыжа көрсөткөн студенттерге  сый барактар ыйгарылды.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН ТҮЗҮЛГӨН КҮНҮ
  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН ТҮЗҮЛГӨН КҮНҮ
  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН ТҮЗҮЛГӨН КҮНҮ