AVN







ЖАШТАР ЭЛДИН ҮМҮТҮ, ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

ЖАШТАР ЭЛДИН ҮМҮТҮ, ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ
 Jun 2, 2023  305

2023-жылдын 30-май күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы имараттагы чоң жыйындар залында жаштар саясаты жана спорт департаменти жана КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте  уюштурулган “Жаштар элдин үмүтү, өлкөнүн келечеги” аталышындагы республикалык жаштар форуму болуп өттү. Аталган республикалык жаштар форумуна Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жаштар комитетинен түзүлгөн делегация катышышты. Ошондой эле, улуттук баалуулуктарды, нарк насилди жаштар арасында жайылтуу менен катар алардын илимге, билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана мекенчилдик сезимдерин өнүктүрүү максатында Кыргыз улуттук университети менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, өлкөбүздүн бир катар жогорку окуу жайларынан келген студенттер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты. Форумдун алдында келген коноктор Ж.Баласагындын эстелигине гулчамбар коюшуп, башкы имараттын фойесинде уюштурулган «Мен сени сүйөм, өмүр» аттуу сүрөт коргөзмө менен таанышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов кеңири форматта сөз сүйлөп, ааламдашуу заманында улуттун иденттүүлүгүн сактоодо өлкөнүн келечеги болгон жаштардын ролу зор экенин баса белгиледи. Ал эми, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин айтымында "биздеги негизги идеология саясий дагы эмес, экономикалык дагы эмес, диний да эмес, руханий идеология болуш керек".

Форумдун темасы боюнча тарых илимдеринин доктору, профессор, КР эмгек сиңирген мугалими Балтагул Нурунбетов менен педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев баяндамаларды жасашты. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин сектор башчысы Эржигит Иманалиев жаныдан иштелип чыгып, талкууга сунушталып жаткан мугалимдин, окуучунун жана -ата-энелердин кодекстери тууралуу билдирүү жасады.

КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов модераторлук кылган пленардык жыйындан кийин форумдун иши “Адеп-ахлактуу жаштар маданияттуу коомдун жаратманы”, “Билимдүү жаштар өлкөнүн келечеги жана коомдун күзгүсү” жана “Жаштар мамлекеттүлүктүн тиреги жана кыймылдаткыч күчү” деген секцияларда уланып, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурова, мамлекеттик жана коомдук ишмер Алиясбек Алымкулов спикер болушту.

Форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, катышуучуларга ректордун ыраазычылык каты тапшырылды. Жалпы ЖОЖдордон келген жаштарга "Жаңы күч" мотивациялык кино тасма көрсөтүлүп, катышуучулардын флешмобу жана тилектер менен шарларды кое берүү аземи менен аяктады.

  • ЖАШТАР ЭЛДИН ҮМҮТҮ, ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ
  • ЖАШТАР ЭЛДИН ҮМҮТҮ, ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ
  • ЖАШТАР ЭЛДИН ҮМҮТҮ, ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ
  • ЖАШТАР ЭЛДИН ҮМҮТҮ, ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ
  • ЖАШТАР ЭЛДИН ҮМҮТҮ, ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ
  • ЖАШТАР ЭЛДИН ҮМҮТҮ, ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ
  • ЖАШТАР ЭЛДИН ҮМҮТҮ, ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ
  • ЖАШТАР ЭЛДИН ҮМҮТҮ, ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ