AVN







Б.М.ЮНУСАЛИЕВ – УЛУУ АГАРТУУЧУ

Б.М.ЮНУСАЛИЕВ – УЛУУ АГАРТУУЧУ
 Jun 1, 2023  292

2023-жылдын 31-майда Б.Осмонов атындагы    Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу жай катары түптөлгөндүгүнүн 100, түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата «100 жылдыкка 100 иш-чара» долбоорунун алкагында атактуу тилчи, фольклорист, коомдук ишмер, академик Б.М.Юнусалиевдин 110 жылдыгына карата  “Б.М.Юнусалиев – улуу агартуучу” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чараны Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору, тех.и.д., профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович өзү ачып, чыгаан илимпоз, чыныгы академик Б.Юнусалиевдин өрнөктүү өмүрү, Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшү кошкон зор салымын баса белгилеген баяндама жасады.  Конференциянын пленардык жыйынында илимпоздун ар тараптуу эмгегин даңазалаган төмөндөгүдөй баяндамалар жасалды:

 

1-баяндама:         Абдувалиев И. – фил.и.д., профессор, Б.Осмонов атындагы ЖАМУ: “Академик Б.М.Юнусалиев жана кыргыз тилиндеги уңгу сөздөр”.

2-баяндама:           Калчакеев К.Б. – фил.и.д., профессор, Б.Осмонов атындагы ЖАМУ:  “Академик Б.М.Юнусалиев жана “Манас” эпосу.

3-баяндама:         Мирзахидова М.И. – фил.и.д., профессор, ЖАМУ: “Академик Б.М.Юнусалиев жана түрк тилдери”;

4-баяндама:         Дүйшеев Ж.А. – тарых и.к., профессор, К.Ш. Токтомаматов атындагы ЭАУ: “Кыргыз ССРиндеги илимий интеллигенциясы жана Б.Юнусалиев”.

5-баяндама: Калыбекова З.С. – фил.и.к., доцент, Б.Осмонов атындагы ЖАМУ:  “Место Б.М.Юнусалиева в отечественном сравнительно-историческом языкознании”.

6-баяндама: Шакирова М.Р. – фил.и.к., доцент,  Б.Осмонов      атындагы ЖАМУ: “Академик Б.М.Юнусалиев – аскердик кабарчы”.

 Жыйындын 2-бөлүгүндө кыргыз тил илими жана түркология, адабият, фольклор жана публицистика, тарых жана этнография, педагогика, окутуунун заманбап технологиялары аталышындагы төрт секция активдүү иш алып барды. Жалпысынан, Россия Федерациясынын, Туркиянын, Уфанын, Монголиянын Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун, ОшМПУнун, ОшМУнун, ЖАМУнун Майлы-Суу колледжинин, К.Токтомаматов атындагы ЭАУнун профессор-окутуучуларынан, аспиранттарынан, магистранттарынан, студенттеринен 60тай баяндама келип түшүп, чоң аудиторияларда окулдуп, кызуу талкуулар болду.

Жыйынтыгында, мыкты баяндамаларга диплом, сертификаттар тапшырылып, конференциянын катышуучуларына жана уюштуруучуларына ыраазычылык билдирилди.

  • Б.М.ЮНУСАЛИЕВ – УЛУУ АГАРТУУЧУ
  • Б.М.ЮНУСАЛИЕВ – УЛУУ АГАРТУУЧУ
  • Б.М.ЮНУСАЛИЕВ – УЛУУ АГАРТУУЧУ
  • Б.М.ЮНУСАЛИЕВ – УЛУУ АГАРТУУЧУ
  • Б.М.ЮНУСАЛИЕВ – УЛУУ АГАРТУУЧУ
  • Б.М.ЮНУСАЛИЕВ – УЛУУ АГАРТУУЧУ
  • Б.М.ЮНУСАЛИЕВ – УЛУУ АГАРТУУЧУ
  • Б.М.ЮНУСАЛИЕВ – УЛУУ АГАРТУУЧУ
  • Б.М.ЮНУСАЛИЕВ – УЛУУ АГАРТУУЧУ
  • Б.М.ЮНУСАЛИЕВ – УЛУУ АГАРТУУЧУ
  • Б.М.ЮНУСАЛИЕВ – УЛУУ АГАРТУУЧУ