AVN







ОКУУ БӨЛҮМҮ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН СЕМИНАР

ОКУУ БӨЛҮМҮ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН СЕМИНАР
 Jun 1, 2023  260

Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окутуунун  кредиттик технологиясы боюнче окуу процессин уюштуруу эрежелери.   

     2023-жылдын 12,17-майында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу бөлүмү тарабынан Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 16-февралындагы №557/1 “Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окутуунун  кредиттик технологиясы” жөнүндөгү буйругуна ылайык жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окутуунун кредиттик технологиясы боюнча окуу процессин уюштуруунун эрежелери, студенттердин өз алдынча ишин (СӨИ) уюштуруу жөнүндө семинар болуп өттү. Семинарга окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору т.и.д, профессор А.П.Алибаев, окуу бөлүмүнүн башчысы б.и.д, профессор З.И.Сакбаева, окуу бөлүмүнүн кызматкерлери жана факультеттер,  колледждердин декан, директорлору, кафедра, ПЦК башчылары  катышты. Семинарда окутуунун  кредиттик технологиясы боюнча окуу процессин уюштуруу эрежелерине  буйруктагы өзгөртүүлөр, багыттардын, адистиктердин окуу пландарында, билим берүү программаларында дисциплинанын жалпы сыйымдуулук көлөмү (аудиториялык жана өз алдынча иш)  буйрукка ылайык түзүү,   ишке ашыруу маселелери каралды.

  • ОКУУ БӨЛҮМҮ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН СЕМИНАР
  • ОКУУ БӨЛҮМҮ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН СЕМИНАР
  • ОКУУ БӨЛҮМҮ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН СЕМИНАР
  • ОКУУ БӨЛҮМҮ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН СЕМИНАР