МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
May 30, 2023 337
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2023-жылы 26-майда ФББ(Ат)маг-1-21 тайпасынын магистранттарынын илим изилдөө практикасынын жыйынтыгы боюнча конференция өткөрүлдү.
Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.С.Жолдошалиева, кафедрадагы магистранттардын илимий жетекчилери жана магистранттар катышты. Магистранттар илим изилдөө практика учурунда аткарган иштери, изилдөөлөрү боюнча отчет беришти. Илимий жетекчилер өз кезегинде магистранттардын илим изилдөө практикасы боюнча өз ой-пикирлерин айтышты. Конференция суроо, жооптор менен коштолду.