AVN







X АЙМАКТЫК ОЛИМПИАДАДАН ИЙГИЛИК

X АЙМАКТЫК  ОЛИМПИАДАДАН ИЙГИЛИК
 May 30, 2023  261

Филология факультетинин студенти аймактык олимпиададан 3-орунду ээлеп, диплом менен сыйланды.  2023-жылдын 27-майында Ош мамлекеттик университетинде  X аймактык  университеттер аралык  олимпиада болуп өттү. Аталаган олимпиадага aилология факультетинин  англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТ-1-20 тайпасынын студенттери Жоробекова Айдай, Сидикова Мухсина, Чт-1-21 тайпасынан Маматкулова Марина активдүү катышышты.

Олимпиада учурунда берилген тапшырмалар студенттердин билим деңгээлин угуу, сөз байлыгын,  грамматикалык көнүгүүлөрдү аткаруу жана сүйлөө жөндөмдүүлүгүн текшерүү боюнча  жүргүзүлдү. Жыйынтыгында ЧТ-1-20 тайпасынын студентти  Жоробекова Айдай 3-орунду ээлеп, уюштуруучулар тарабынан диплом жана белек менен сыйланды. Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз!!!

  • X АЙМАКТЫК  ОЛИМПИАДАДАН ИЙГИЛИК
  • X АЙМАКТЫК  ОЛИМПИАДАДАН ИЙГИЛИК
  • X АЙМАКТЫК  ОЛИМПИАДАДАН ИЙГИЛИК
  • X АЙМАКТЫК  ОЛИМПИАДАДАН ИЙГИЛИК