AVN







“САНАРИП АЙЫМДАР” ДОЛБООРУ ЖАМУДА

“САНАРИП АЙЫМДАР” ДОЛБООРУ ЖАМУДА
 May 29, 2023  551

     “Youth of Osh” коомдук бирикмеси Ош шаарында Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын “Санарип айымдар” долбоорунун IT жана санариптик, лидерлик жана ишкердик жөндөмдөрүн арттыруу курстарынын катышуучулары үчүн демилгелердин презентациясынын конкурстук иш-чарасы болуп өттү.                 Иш чарага “Программалоо” (Front-End), “СММ”, “Графикалык дизайн”, “Сайт түзүү” “Мобилография” курстарын толук окуп бүткөн Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун 15 студенти, анын ичинен өздөрүнүн стартап идеялары менен конкурсттук баскычына 5 студент катышты. Уюштуруучулар тарабынан конкурстун жыйынтыгы жакынкы күндөрдө маалым болоору белгиленди.                                                                                                                  

       “Санарип айымдар” долбоору 2022-жылдын 15-сентябрынан 2023-жылдын 15-сентябрына чейин ишке ашырылып, атайын толтурулган 1500дөн ашуун өтүнмөлөрдүн  ичинен ЖАМУдан жалпы 17 студентибиз тандалып алынып, долбоордун алкагында IT жана санарип жөндөмдөрүн үйрөнүү боюнча Программалоо (Front-End) курсу 6 ай, “СММ”, “Графикалык дизайн” курстары 2 ай, “Сайт түзүү” курсу 2 ай жана “Мобилография” курсу 1 жума акысыз окутулду.    

 Жыйынтыгында окуу курстарын толук бүтүргөн долбоордун катышуучуларына сертификаттар тапшырылды – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) директору Б.Н.Алымкулов.

  • “САНАРИП АЙЫМДАР” ДОЛБООРУ ЖАМУДА
  • “САНАРИП АЙЫМДАР” ДОЛБООРУ ЖАМУДА
  • “САНАРИП АЙЫМДАР” ДОЛБООРУ ЖАМУДА
  • “САНАРИП АЙЫМДАР” ДОЛБООРУ ЖАМУДА