AVN







НАРКТУУ ЖАРАН – УЛУТТУН ЖҮЗҮ

НАРКТУУ ЖАРАН – УЛУТТУН ЖҮЗҮ
 May 26, 2023  1149

Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында  2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз Жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктарын аткаруунун жана ЖАМУнун 100 жылдыгына карата “100 жылдыкка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында “Нарктуу жаран – улуттун жүзү” аталышындагы кереге кеңеш болуп өттү. Иш-чараны МТТС проректорунун жетекчилигинде мамлекеттик тил бөлүмү уюштурду.

Иш-чарада т.и.к., доцент Э.Ж.Сулайманов – “Эл байлыгы – нарк насилде”, филол.и.д., профессор К.Б.Калчекеев – “Улуттук нарк – адамзаттык баалуулуктардын башаты”, окутуучу М.И.Мамытов – “Көчмөн демократиясындагы аялдардын укуктарынын орду” деген темаларда баяндамаларды жасашты.

Иш-чарага Жалал-Абад областык ардагерлер кеңешинин башчысы, белгилүү коомдук ишмер Э.К.Кожоакматов, Кыргызстан калкы Ассамблеясынын облустук бөлүмүнүн башчысы, белгилүү коомдук ишмер К.А Тилекеев, Жалал-Абад шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы, белгилүү коомдук ишмер Д.М.Мамасалиев, Областык курултай коомунун төрагасы Б.И.Ибрагимов, КРдин эл артисти, Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын кызматкери А.Бедияров, Сузак райондук этностор аралык мамилелер боюнча жооптуу катчы Т.К.Караев, Борбордук Азиядагы эл аралык медициналык институтунун доценти А.С.Калиевдер улуттук нарк, улуттук баалуулуктар боюнча өз сунуш жана ой-пикирлерин айтышып студенттер менен баарлашышыты.

Кереге кеңеш талкуулар менен коштолуп университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер активдүү катышып өз ой-пикирлерин билдиришти.

  • НАРКТУУ ЖАРАН – УЛУТТУН ЖҮЗҮ
  • НАРКТУУ ЖАРАН – УЛУТТУН ЖҮЗҮ
  • НАРКТУУ ЖАРАН – УЛУТТУН ЖҮЗҮ
  • НАРКТУУ ЖАРАН – УЛУТТУН ЖҮЗҮ
  • НАРКТУУ ЖАРАН – УЛУТТУН ЖҮЗҮ
  • НАРКТУУ ЖАРАН – УЛУТТУН ЖҮЗҮ
  • НАРКТУУ ЖАРАН – УЛУТТУН ЖҮЗҮ
  • НАРКТУУ ЖАРАН – УЛУТТУН ЖҮЗҮ
  • НАРКТУУ ЖАРАН – УЛУТТУН ЖҮЗҮ
  • НАРКТУУ ЖАРАН – УЛУТТУН ЖҮЗҮ
  • НАРКТУУ ЖАРАН – УЛУТТУН ЖҮЗҮ