AVN







БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯНЫ ТАПШЫРУУНУН ТАРТИБИ ...

БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯНЫ ТАПШЫРУУНУН ТАРТИБИ ...
 May 26, 2023  236

Үстүбүздөгү  жылдын  18-май күнү  Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин экономика ПЦКнын окутуучулары  Э.Э. Кадырова,  А.К. Калмурзаеванын жетекчилиги алдында   Фк-2-21, Бэк-2-21, ССк - 2-21 тайпаларынын катышуусунда  Жалал-Абад шаардык  салык башкармалыгынын  окутуу жана үйрөтүү сектор башчысы А.А. Акимбаев, салык төлөөчүлөрдүн иштөө бөлүмүнүн ККМди, патент берүү секторунун башчысы Ч.Б. Ботокараев тарабынан  “Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун тартиби “ деген темада студенттерге   түшүнүк берүү менен биргеликте ата-энелерине көмөк көрсөтүү иретинде  тегерек стол  уюштурулду.

Тегерек столдо төмөндөгүдөй суроолор каралды.

- Бирдиктүү салык декларация Бирдиктүү салык декларация деген эмне?

  • Бирдиктүү салык декларацияны кимдер тапшырат?
  • Бирдиктүү салык декларацияны тапшыруунун жолдору?

- Декларация тапшырбагандарга кандай жаза каралган ? 

Окутуу жана үйрөтүү сектор башчысы А.А. Акимбаев  бирдиктүү салык декларация боюнча көптөгөн маалыматтарды берип  салык декларациясын тапшыруунун максаты юрилдикалык жана жеке жактардын коррупциялык схемага бөгөт коюу максатында  ишке ашырылып жатканын жеткиликтүү түшүндүрүп,  азыркы учурда милдеттүү түрдө  муниципалдык  кызматкерлер, жеке жарандар  салык декларациясын тапшырууга тийиш экенин, өз убагында толтурулбаган декларация үчүн тийиштүү чаралар колдонулаарын билдирди.

    Мындан сырткары башка  салык төлөмдөрү, аларды тапшыруу жолдору, мөөнөттөрү боюнча маалыматтар айтылып, студенттер тарабынан өздөрү кызыккан суроолор берилип, жооп алынды.

  Студенттер тегерек-столдун жүрүшүндө декларация толтуруунун жол- жоболорун, максатын  жеткиликтүү түшүнүп, Салык салуу башкармалыгынын адистерине ыраазычылын билдиришти. 

  • БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯНЫ ТАПШЫРУУНУН ТАРТИБИ ...
  • БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯНЫ ТАПШЫРУУНУН ТАРТИБИ ...
  • БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯНЫ ТАПШЫРУУНУН ТАРТИБИ ...