AVN







БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫНА КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИ

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫНА КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИ
 May 26, 2023  322

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Социалдык иш” багытынын сырттан окуу бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик аттестациялык сынактарын тапшырып, акыркы квалификациялык иштерин коргоосу болуп өттү. Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын отурумунун негизинде бүтүрүүчулөргө “Социалдык иш” багытынын бакалавр квалификациясын ыйгаруу тууралуу чечимин чыгарды. 

Андан кийин “Социалдык иш” багытынын бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Жакыпова Назира Алмазбековна 2022-2023-окуу жылындагы социалдык иш багытынын бүтүрүүчүлөрүн бүтүрүүлөр ассоциациясына кабыл алуу аземин өткөрдү. Иш чарага ушул багытты бүтүрүп иштеп жаткан Кожоназарова Ырыскул Мырзалиевна, Усенов Адилет Алимжанович, Анарбай кызы Айтбү, Туташбаева Таңдабийке катышты. Ошондой эле социалдык иш багытынын бүтүрүүчүлөрүнүн ишин координациялап турган профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашты. Кафедра башчысы  философия илимдеринин доктору, профессор Гулдана Самидиновна Токоева бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалап, мындан ары окуу жай менен байланышуунун бир жолу  бүтүрүүчүлөр ассоциациясы аркылуу да болоорун жана ар дайым тыгыз карым-катнаш улана бере тургандыктарын белгилеп кетти.

 “Социалдык иш” багытынын бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Жакыпова Назира Алмазбековна ЖАМУнун бүтүрүүчүсү катары окуу жай менен ар тараптуу иш жүргүзүүдө жана окуу жайда өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышып, кеп-кеңешин айтып турат. Учурда Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенүүдө.

 Ал эми “Социалдык иш” багытынын бүтүрүүчүлөр ассоциациясы быйылкы бүтүрүүчүлөр жумуш менен камсыз болууда, коомго адис катары адаптациялануусунда, кесиптик жактан такшалууда ар тараптуу колдоо көрсөтөт деген ишеничтебиз.

2022-2023-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөргө ак жол каалайбыз!

  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫНА КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИ
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫНА КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИ
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫНА КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИ
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫНА КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИ
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫНА КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИ
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫНА КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИ
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫНА КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИ