AVN







ЭНЕ-БУЛ МЭЭРИМ СИМВОЛУ

ЭНЕ-БУЛ МЭЭРИМ СИМВОЛУ
 May 26, 2023  380

Энелер жашоо башаты жана мээрим булагы экендигин эч ким тана албайт. Алардын мээрими, комкордугу бүткүл ааламды тынчтыкта терметкен улуу күч. Балким жашоонун мааниси энелердин кадырын билүүдө катылган чыгар. Мына ушул эне кадырын түшүнүп аларга аяр мамиле жасоо менен  үйдүн куту болгон эненин баркын көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги №23   КРнын “ Энелер күнүн белгилөө жөнүндөгү”  жарлыгынын жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2023-жылдын 15-майындагы №Б-200 “Энелер күнүн белгилөө жөнүндөгү” буйругун ишке ашыруу максатында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун 2023-жылдын 16-майындагы №10 тескемесине ылайык Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык колледжинин социалдык иш ПЦКсынын  СРк-2-21 тайпасынын куратору Анарбай к Айтбү жана СРк-2-22 тайпасынын куратору Тандабийке Туташбаевалар тарабынан  куратордук тарбиялык саат уюштурулуп, адистиктин студенттери менен Жалал-Абад шаарындагы  жалгыз бой энелердин жашаган жерлерине барып энелер күнү  менен куттукташты.  Алардын катарында  шаарыбыздын тургуну жалгыз бой эне  Турдумбетова Турсун энебизге өзгөчө көңүл бөлүнүп, куттуктоо менен биргеликте үй-иштерине жардам көрсөтүп келишти. 

Натыйжада студенттер ата-энени сыйлоо, барктоо, кадырлоо керек экендигин жана да орду толгус, эч нерсеге алмаштыргыс асыл инсандар болорун терең түшүнүштү.

  • ЭНЕ-БУЛ МЭЭРИМ СИМВОЛУ
  • ЭНЕ-БУЛ МЭЭРИМ СИМВОЛУ
  • ЭНЕ-БУЛ МЭЭРИМ СИМВОЛУ