AVN

2017-жылдагы илим изилдөө багытында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы чыкты

2017-жылдагы илим изилдөө багытында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы чыкты
 Apr 6, 2018  993

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүгүнүн 95 жылдыгына жана факультеттердин, колледждердин илимий потенциалын жогорулатуу, илимий жетишкендиктерди белгилөө максатында “Мыкты илимий лаборатория”, “Мыкты илимий ийрим”, “Илимий монография”, “Илимий макалалар” кароо сынактары жүргүзүлдү.

      Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде ЖАМУнун ректору, профессор Усенов К.Ж. куттуктоо сөзгө чыгып, Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер жана изденүүңүздөр окуу жайдын өсүүсүнө опол тоодой салым кошууда. Ошондой эле келечектин мыкты адистерин даярдап жатасыздар, ишиңиздерге ийгилик каалайм! – деди.

    Сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, аларга акчалай сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылды. Аны ректор К. Усенов жана илимий иштер боюнча проректор Алыбаев тапшырды.

Сынакка катышкан документтерди март айында илимий техникалык кеңешменин мүчөлөрү карап, талкуулап жеңүүчүлөрдү аныкташты.

4-апрель күнү окумуштуулар кеңешмесинде конкурстун жеңүүчүлүрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Конкурстун жеңүүчүлөрү:

Мыкты илимий лаборатория номинациясында:

Медицина факультетинин “А. Карабеков атындагы физикалык-химиялык анализ” илимий изилдөө лабораториясы (жетекчиси: х.и.к., доцент Б.К. Эрназарова) I даражадагы диплом жана 5000 сом акчалай сыйлык;

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин  “Окутуунун инновациялык технологиялары” лабораториясы (жетекчиси: п.и.д., профессор С.С. Сакиева) II даражадагы диплом жана 3000 сом акчалай сыйлык;

Медицина факультетинин “Фито-фармацевт” илимий лабораториясы (жетекчиси: б.и.к., доцент Ж.М. Орозбаева) III даражадагы диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык;

Табыгый-техникалык факультетинин “Т. Рахманов атындагы географиялык илимий лабораториялык борбору”  (жетекчиси: окутуучу Т.Жолдошова) Диплом жана 1000 сом акчалай сыйлык;

Экономикалык-юридикалык факультетинин “Криминалистика” лабораториясы (жетекчиси: ю.и.к. Н. Арзиев) Диплом жана 1000 сом акчалай сыйлык.

Мыкты илимий ийрим номинациясында:

Экономикалык-юридикалык факультетинин “Жаш Бухгалтер” ийрими (жетечиси: э.и.к., доцент Д.Ш.Жолболдуева) I даражадагы диплом жана 5000 сом акчалай сыйлык;

         Филология факультетинин “ИСТОК” ийрими (жетекчилери:ф.и.к. З. Калыбекова, Д. Султанбаева) II даражадагы диплом жана 3000 сом акчалай сыйлык;

         Табыгый-техникалык факультетинин “Энергия  булактары” ийрими (жетекчиси: М. Алиев) III даражадагы диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык;

         Жалал-Абад колледжинин “Чебер колдор” ийрими (жетекчиси: окутуучу Б. Алдосова) III даражадагы диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык;

Илимий макалалар жыйнагы номинациясында:

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин БАС кафедрасынын башчысы,  ф-м.и.к., доцент Мураталиева Венера Төлөгөновна I даражадагы диплом жана 5000 сом акчалай сыйлык;

Табыгый-техникалык факультетинин Биология кафедрасынын окутуучусу Болотова Алтынай I даражадагы диплом жана 5000 сом акчалай сыйлык;

Экономикалык-юридикалык факультетинин деканы э.и.д. Аскарова Айнура Каныбековна II даражадагы диплом жана 3000 сом акчалай сыйлык;

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Тарых кафедрасынын окутуучусу т.и.к. Мырзабаева Нуржамал III даражадагы диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык.

Илимий монография номинациясында:

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Тарых кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Авазов Эрнис Абдыманапович I даражадагы диплом жана 5000 сом акчалай сыйлык;

Экономикалык-юридикалык факультетинин Экономикалык билим берүү кафедрасынын доценти э.и.к. Төлөнов Эмил Нажимидинович II даражадагы диплом жана 3000 сом акчалай сыйлык.

Иш чара Илим, аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Жеңүүчүлөрдү куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалайбыз!

  • 2017-жылдагы илим изилдөө багытында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы чыкты